Компьютердик тармак

Википедия дан

Компьютердик тармак (англ. Computer network) — байланыш жабдуулары менен программдык жабдык аркылуу туташтырылган компьютерлердин тобу. Эки же андан көп тармак бир-бири менен туташтырылса, аны интернет деп аташат.

Интернет түшүнүгү маалыматтарга жана кызматтарга жетүүгө мүмкүндүк берген дүйнө жүзүндөгү байланышкан тармактардын тобун баяндоо үчүн колдонулат. Интернет берилиштерди алып пакет деп аталган өзүнчө бөлүктөргө бөлөт жана пакеттерди компьютер жете турган даректин ээсине оптималдуу маршрут менен жиберет. Берилиш болуп, электрондук дарек билдирүүсү, файлдар, документтер эсептелет. Ар бир пакет берилишти жана жиберилүүчү орундун дарегин, белгиленген орунга кайталап жиберүүдө пайдаланылган маалыматтар удаалаштыгын камтыйт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

У. Бримкулов, А. Өмүралиев, В. Бабак. Компьютер жана Интернет. Энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. ОШ — 2004.