Компьютер

Википедия дан
Компүтер‎»‎ барагынан багытталды)

Компьютер (англ. computer) — бул эсептөөлөрдү жүргүзүүчү машина, жана бир алгоритм (компьютердик програм) менен маалыматты кабыл алуу, сактоо, иштетүү, чыгарууну аткарат. Компьютерлер жаңы чыгып баштаганда, ал жалаң гана эсептөөнү аткарат деген пикирден улам ЭЭМ (электрондук эсептөө машинаси) деп аталып калган. Бирок азыркы күндө ЭЭМдин кызматы - башкаруу болуп эсептелет.

Негизги принциптер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алдында турган маселелерди компьютер кайсы бир механикалык кыймылдын, электрондордун, фотондордун, кванттык бөлүкчөлөрдүн агым кыймылынан же жакшы изилденген башка физикалык кубулуштартардын жардамы менен аткарат. Бизге эң белгилүү бул - электрондук персоналдык компьютер.

Компьютердин архитектурасы чечип жаткан маселени түздөн түз, изилденип жаткан физикалык кубулуштарды чагылдырып (математикалык аныктама менен), моделдештируу мүмкүнчүлүгү бар. Ошентип, электрондук агымдар дамба жана суу сактагычтарды моделдештиргенде суунун агымы катары колдонулган. Мындай жол менен 1960-жылдарда аналогдук электрондук компьютерлер иштеген, бирок бүгүнкү күндө андай ЭЭМдер абдан сейрек кезигет.

Кезектеги компьютердердин көбүндө чечип жаткан маселени математикалык тил менен жазышат, мында бүт маалымат экилик эсептөө системасында жазылат, бул бүт эсептөөлөр логика алгебрасын гана колдонууга алып келет. Бүткүл математиканы логика алгебрасынын операцияларына алып келегенге мүмкүндүк бар, ошондуктан компьютер абдан зор маселелерди чече алат.

Компүютерлер бүт эсептерди чыгара албайт. Компүтер эсептей албаган маселелерди англис математик Алан Тьюринг жазып чыккан.

Эсептелген маалымат ар кандай киргизүү-чыгаруу аппараттардын жардамы менен берилет: лампалык индикаторлор, мониторлор, принтерлер.

Жаңы колдонуучулар жана өзгөчө балдар компүтер - жөн эле машина экенин, ал өзүнчө "ойлоно", "түшүнө" албаганын кыйынчылык менен кабыл алат. Компьютер программа менен берилген белги, сызык, түстөрдү маалымат чыгаруу жабдыгы аркылуу механикалык түрдө чыгарат. Адамдын мээси өзү экрандагы белгилерди (образдары, санариптерди, сөздөрдү) кабыл алып, аларга маани берет.

Компьютердин жабдуулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Компьютердин түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]