Чычкан (компьютер)

Википедия дан
Компьютердик чычкандын эң кеңири таралган өзгөчөлүктөрү: эки баскыч (сол жана оң), ошондой эле үчүнчү баскычы катары иштей алган дөңгөлөк.

Чычкан (англ. mouse) — алакан өлчөмүндөгү кичинекей киргизгич түзүлүш, аны үстөлдүн үстүндө кыймылдатуу менен экрандагы көрсөткүчтүн жылышы башкарылат. Чычканды дайыма атайын материалдан жасалган төрт чарчы жаздыктын үстүнө коюшат, чычканды жылдырганда астында турган оптикалык сенсор күйүп экрандагы курсорду жылдырат. Чычкандын электрондук схемалары, анын кыймылын сигналга айландырып компьютерге жиберип турат. Сигнал көрсөткүчтү чычкан жылган багытка жылдырууда пайдаланылат. Чычкан компьютерге кабель менен туташтырылат, азыркы учурда зымсыз чычкандар дагы кездешет. 1999-жылдын аягында оптосенсордук чычкандар чыгарыла баштаган, аларда топчо ордуна оптикалык сенсордук камера орнотулган жана анын жардамы менен көрсөткүч жылдырылат. Чычкандын үстүндө бир же андан көп баскычтары болот, аларды чыкылдата басуу менен менюдан тандоо, документти оңдоо жана берилмелерди бир орундан экинчи орунга же башка документке которуу сыяктуу аракеттер аткарылат. Чычкан баскычтарынын аткарган кызматтарын программалоо жолу менен өзгөртүүгө болот. Чычкандын негизги артыкчылыгы – аны пайдалануу жеңил, бир аз тажрыйбасы бар адамдар чычкандын жардамы менен көрсөткүчтү экрандын каалаган орунуна жылдырууну тез эле үйрөнүп алат. Чычкандын эки кемчилиги бар: биринчиси, үстөлдө бош орун талап кылат, экинчиси колдонуучу чычкан менен көрсөткүчтү жылдырган же буйрукту аткарткан учурда колун баскычтоп тактасынан улам алууга туура келет. Эски механикалык чычкандардын кемчилиги – мезгил-мезгили менен чычкандын топчосунун кирин жана чаңын тазалап туруу керек болот.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • У.Бримкулов, А.Өмүралиев, В.Бабак, Компьютер жана интернет, Б.2004, ISBN 9967-14-014-3

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]