Констанца шаары

Википедия дан
Констанца (2009).

Констанца шаарыРумыниянын чыгышындагы шаар. Констанца жудецинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 320 миң (2004). Кара деңиздеги өлкөнүн башкы порту (жылына 15 млн т жүк ташылат). Эл аралык аэропорту бар.

Шаар 6-кылымда иония гректери тарабынан негизделген. Б. з. ч. 29-ж. римдиктер басып алган. Констанца 1413–1878-жылдары Осмон империясынын бийлигинин астында болгон. 1878-жылдан Румыниянын курамында. Кеме куруу жана ремонттоо, целлюлоза-кагаз, эмерек, жеңил, тамак-аш өнөр-жай ишканалары иштейт. Археологиялык жана сүрөт музейлери бар. Констанца – Румыниянын Кара деңиз жээгиндеги туризм борбору. Антика мезгилинин курулуштарынын калдыктары, грек жана рим некрополдору, базилика (5–6-кылымдар), мечиттер (18–19-кылымдар) сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]