Контаминация

Википедия дан

Контаминация (латынча contaminatio — жалгашуу, жанашуу, аралашуу) — элдик оозеки чыгармачылыкта ар башка мотивдердин, сюжеттердин, образдардын өз ара жалгашуусу, биригүүсү аркылуу чыгарманын жаңы түс, жаңы мазмунга ээ болуусу. Мисалы, «Манастагы» Алмамбетке байланыштуу окуяларда байыркы энелик доордон аталык доорго өтүү мезгилиндеги карама-каршылыктардан улам пайда болгон ата менен баланын касташуусу жөнүндөгү мотивге кийинки кездин идеологиясына ылайык өнүгүп чыккан чыныгы ак дин үчүн кайрыдин ата менен күрөшүүчү уул жөнүндөгү мотив жалгашып, байыркы мотив жаңыча талкууланып, андагы образдар жаңы түскө ээ болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4