Контрреформалар

Википедия дан

Контрреформалар - Орусыяда 19-кылымдын 80-жылдары - 90-жылдардын башында Александр III -нүн өкмөтү жүргүзгөн реакциячыл чаралар.

Алар 60 - 70-жылдардагы мыйзамдарды кайра кароого багытталган. 1882-ж. 27-августта басма сөз тууралуу «убактылуу эреже» киргизилип, ал боюнча «жазалоо цензурасы» орнотулган. Мектептерде сословиелик принцип калыбына келтирилип, 1884-ж. жаңы устав боюнча университет автономиясы жоюлган. Дворяндардын кызыкчылыгын көздөп, Дворян жер банкы түзүлгөн (1885), дыйкандардын жерин чектөө, айыл чарба жумушчуларын жалдоо (1886), Земство башчылары жөнүндө закон (1889) чыгарылган. Земство башчылары ички иштер министерствосу тарабынан жергиликтүү дворяндардан дайындалып, ал админ, жана сот бийлигин жүргүзгөн.

1890-ж. 12-июнда шайлоочулар үчүн сословиелик куриялар киргизилип, дворяндардын өкүлдүтү күчөтүлгөн. Шаардык « Контрреформалар» боюнча (1892) приказчиктер, майда соодагерлер шайлоо укугунан ажыраган. 1864-жылдагы сот реформаларына реакциячыл өзгөртүүлөр киргизилген. «Контрреформалардын» толук жүзөгө ашырылышына революциялык, коомдук кыймылдардын күчөшү жолто болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.