Конустук кесилиш

Википедия дан

Конустук кесилиш - тик тегерек конустун чокусу аркылуу өтпөгөн тегиздик менен кесүүдөн пайда болгон сызык.

Конустук кесилиш үч түрдө:

  • 1) Тегиздик конустун бардык түзүүчүлөрүнүн көңдөйүнүн бирөөндө кесип өтөт, анда кесилген сызык туюк сызык (эллипс) болот. Эгер кесүүчү тегиздик конустун огуна перпендикуляр болсо, айлана пайда болот.
  • 2) Тегиздик конустун жануучу тегиздиктеринин бирине параллель болсо кесилиште туюкталбаган ийри сызык (парабола) алынат.
  • 3) Тегиздик конустун эки көңдөйүн тең кесип өтсө, кесилиштен гипербола пайда болот.

Аналитикалык геометрия көз карашынан Конустук кесилиш - экинчи тартиптеги сызыктар. Конустук кесилиштер байыркы грек математиктерине белгилүү болгон. Бул ийри сызыктардын касиети толук баяндалган чыгармалардын бири Аполлоний Пергскийдин (б. з. ч. 200-жылдарында) «Конустук кесилиштер» деген чыгармасы болгон. Конустук кесилиштер теориясы 17-кылымда түзүлгөн жаңы геометриялык методдорго байланыштуу өнүктү. Алар эллипс формадагы тиштүү дөңгөлөктөрдө, прожектор жасалгаларында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.