Конъюнкционализация

Википедия дан

Конъюнкционализация — башка сөз түркүмдөрүндөгү сөздөрдүн байламтага өтүшү (башкача айтканда байламталашуу).

Маанилүү сөздөр кызматчы сөздөргө, алардын ичинде байламтага да өтө алат же убактылуу байламталык милдетти аткарып калат. Буга кырг. деп, болсо, себеби ж. б. далил болот. Булардын биринчиси (деп) - чакчылдан, экинчиси (болсо) этиштен, үчүнчүсү (себеби) зат атоочтон пайда болгон. Алгачкы экөө этиш катары да, байламта катары да колдонулса, акыркысы дал ушул абалында байламтага толугу менен өтүп кеткен. Орус тилинде байламта катары көбүнчө сөздөр колдонулат: когда, какой. кто, где, куда ж. б. Ошондуктан булар байламталык сөз катары каралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9