Коньюктура

Википедия дан

КОНЬЮКТУРА, саясий – (лат. conjungere – байланыштырган, бириктирген) – жалпы маанисинде «К». термини шарттардын жана аларды түзгөн аракеттердин жыйындысын, бардыгын камтыган буюмдардын өз ара байланышы жана кайсы – бир тармактагы алар менен болгон операцияларды билдирет. ХIХ к. ортосунда Ф. Лассал жазган: «Бул коомдук өз ара карым-катнаштарды байланыштырган тасма, белгилөө жана белгисиз шарттарды өз ара байланыштырган чынжыр». К. феноменин изилдөөчүлөрдүн бардыгы болгон байланыштарды жана таасирлерди алдын-ала айтууга, эсептөөгө болбостугун көрсөтөт. Ошол эле учурда белгилөө максаттарды ишке ашырууга багыт алуу зарылчылыгын белгилешет. Ошону менен К. түшүнүгү болгон шарттар жана факторлорду гана эмес, аларды кайра түзүү боюнча, белгилүү тобокелге салуу элементтери бар кыймылдарды да эсепке алуу зарылдыгын көрсөтүүнү камтыйт. К. термини астрологияда пайда болгон. XVII к. тартып коммерциялык ишмердүүлүктүн практикасында («жагымдуу» жана «оңтойсуз» К.) ХVIII к. тартып айрым социалдык-тарыхый шарттарда кайра өндүрүп чыгуу процессин жана анын коомго тийгизген таасирин көрсөтүү үчүн экономикалык теорияда пайдалана башталат. Андан ары саясий-экономиянын, саясат таануунун жана социологиянын дисциплина аралык проблемаларын иштеп чыгарышкан окумуштуулардын (Т. Веблен, В. Зомбарт ж. б.) эмгектеринен улам К. термини саясаттын теориясына жайгаша баштады. Ал түрдүү типтеги саясий жана социалдык күчтөрдүн бирге өкүм сүрүү моменттерин жана анын өзгөрүү тенденциясын билдире баштады. Бирок саясий К. экономикалык К-га активдүү таасир көрсөткөн факторлордун табигый, экологиялык, улуттук менен катар түшүндүрүү үстөмдүк кылды. Бул учурда саясий К. – маанилүү даражада метафоралык чагылдыруу. К-нын эсеби – башкы чечимдерди кабыл алуунун саясий стратегиясын иштеп чыгуунун милдеттүү элементин кадимки саясий сөздүктө эскини – кулатуу аркылуу өзгөртүү учуру (ар дайым эле жакшы жакка эмес). Ал эми коньюнтурщик (коньюнтурачы)– жалаң гана өзүнүн максаттары үчүн жагымдуу кырдаалды, шартты колдонууга, жаңычылыкка активдүү багытталган адам жана саясатчы.