Коок Кийгизүү

Википедия дан

Коок Кийгизүү — адамды кыйноо максатында башка кийгизиле турган териден жасалган каптама, кептеп коймо, жаргак. Коок негизинен чылгый териден жасалып, адамдын башына кийгизилет, ал кургаган сайын башты кысып, жанды кыйнайт. Ага «Манас» эпостогу :

Башына коок кийгизип,

Эки көзүн тең чукуп,

Эр Эсендин алдына

Тирүү байлап баргыла! (Саякбай Каралаев, 1. 156),— деген саптар мисал боло алат. Айрым окуяларда коок темирден, жыгачтан жасалары да айтылат. Мисалы, Саамаркандык Чоң Эшендин уулу Жарманасты кытайлар Манас деп кармап кеткенде «Жарманастын башына Темирден коок кийгизди» (Саякбай Каралаев, 1. 43),— деп айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4