Коомдук бот

Википедия дан

Коомдук бот (англ: social bot, socialbot же socbot) — виртуалдык маектештин белгилүү бир түрү. Ал коомдук медиа тармактарында автоматтык түрдө билдирүү жазуу (мисалы, твит жазуу) үчүн колдонулат же "жазылуучу" катары же болбосо өз алдынча жазылуучу чогулткан фейк аккаунт катары иштейт. Ал жалпы эле белгилүү бир идеяларды коргоп, иш-чараларды жана коомдук мамилелерди колдойт. Бул жагынан алып караганда, коомдук боттор Түриң сынагынан өткөн деп айтууга болот.

Коомдук боттор 2016-жылдагы Америка Кошмо Штаттарындагы президенттик шайлоодо маанилүү ролду ойногон көрүнөт. Алардын тарыхы, жок эле дегенде, АКШдагы 2010-жылдагы шайлоонун ортосундагы убакытка чейин барып такалышы мүмкүн. Твиттер боттор мурунтан эле белгилүү болгон үлгү болуп саналышат, бирок Facebook'тагы тиешелүү өз алдынча агенттер менен башка жактагылар дагы байкалган. Бүгүнкү күндө коомдук боттор -- дайыма эле ишенимдүү эмес болсо да -- чыныгы адамдарга таасир тийгизүүчү аябай жөндөмдүү, ынандыраарлык интернет кишилери болуп саналат.

Өз алдынча билдирүү жаза алуу менен катар коомдук боттор көптөгөн колдонуучу топтордогу тенденцияга байланыштуу спам ботторду бөлүшө алышат.

Коомдук ботторду пайдалануу боюнча катуу жоболор кабыл алынбаса, алар токтобогон жана эч качан чарчабаган таасир этүүчүлөр катары келечектеги коомдук пикирди калыптандырууда өтө чоң ролду ойношу күтүлүп жатат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]