Коомдук жалпы продукт

Википедия дан

Коомдук жалпы продукт - бир мезгилде (бир жылда) коом чыгарган дүң продукт, бардык продукция.

Накталай алганда ишканада чыгарылган өндүрүш каражаттары менен керектөө буюмдарынан турат. Акчалай алганда коомдук өндүрүштө чыгымдалган материал наркын жана жаңы кошулган наркты камтыйт.

Коомдук жалпы продуктудан материал наркынын ордун (толуктоо фондусу) кайра толукталып, жаңы нарк (ул. киреше) калк керегине, кеңири кайталанма өдүрүшкө жумшалат. Кийинки учурда Коомдук жалпы продукт- Улуттук дүң продукт катары эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9