Коомдук медианы казуу

Википедия дан

Коомдук медианы казуу (англ. Social media mining) — коомдук медианын чийки маалыматтарынан колдонгонго боло турган белгилери менен багыттарын тааныштыруу, талдоо жана алып чыгуу жараяны. "Казып алуу" (англ. mining) деген термин сейрек минералдарды казып алуу жараянынын аналогу болуп саналат. Ресурс казып алуу тоо-кен ишканаларына чоң көлөмдөгү кен ташты калбырдан өткөрүү аркылуу баалуу минералдарды табууну талап кылат; ошол сыяктуу эле, коомдук медиадагы "казып алуу" адамдардын маалыматтарын (мисалы, коомдук медиа пайдалануу, онлайн жүрүм-турум, мазмун бөлүшүү, адамдардын ортосундагы байланыш, интернеттеги сатып алуу жүрүм-турумдары, ж.б.) талдоочулар менен автоматтык түрдөгү программаларга ири көлөмдөгү чийки коомдук медиа маалыматтарынан белгилерди, багыттарды аныкташ үчүн электен өткөрүүнү талап кылат. Бул белгилер менен багыттар компанияларды, өкмөттөрдү, коммерциялык эмес уюмдарды кызыктырат. Аталган уюмдар өздөрүнүн стратегиясын түзүүдө жана жаңы программаларды (же ишканалар, жаңы продукциялар, жараяндардын жана кызматтар үчүн) ишке киргизүүдө ушул белгилерди пайдалана алышат.

Коомдук медианы казууда бир катар компүтер илимдери, маалымат казып алуу, машина окутуу жана статистика багытындагы негизги түшүнүктөр колдонулат. Коомдук медиа казуучулар ири көлөмдөгү коомдук медиа маалыматтарын иликтөөгө ылайыкташкан алгоритмдерди иштеп чыгышат. Коомдук медиа казуу коомдук желе талдоо, тармактык илим, социология, этнография, оптимизациялоо, математика багытындагы теорияларга жана методологияларга негизделет. Ал чоң өлчөмдөгү коомдук медиа маалыматтарынын маанилүү белгилерин расмий түрдө тааныштырган, ченеген, жасаган жана казып алган аспаптарды камтыйт. 2010-жылдарда чоң корпорациялар жана ошондой эле өкмөттөр, коммерциялык эмес уюмдар негизги калктын кызыгуусу тууралуу көбүрөөк билиш үчүн коомдук медиа казуу менен алектенишкен. Уюмдар жүргүзгөн "казып алуу" иштери керектөөчүлөрдөн, кардарлардан же жарандардан көз каранды болушу мүмкүн.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]