Коомдук медиа

Википедия дан

Коомдук медиа — маалыматты, идеяларды, карьералык кызыкчылыктарды жана башка ойлорду виртуалдык коомчулуктар менен желелер аркылуу жаратуу жана бөлүшүүгө өбөлгө түзгөн, компьютер ортомчулук кылган технологиялар. Өз алдынча жана курулган, учурдагы жеткиликтүү болгон коомдук медиа кызматтарынын ар түрдүүлүгү аныктама берүүнү оорлоштурат; бирок, алардын кээ бир жалпы өзгөчөлүктөрү бар:

  1. Коомдук медиа — интерактивдүү Web 2.0 интернетке негизделген колдонмолор.
  2. Тексттик жазуулар же ой-пикирлер, санарип сүрөттөр же видеолор жана өз ара онлайн мамилелер аркылуу түзүлгөн бардык маалыматтар сыяктуу колдонуучу жараткан мазмун коомдук медианын жашоо булагы болуп саналат.
  3. Колдонуучулар вебсайт же колдонмо үчүн кызматка негизделген профилдерди ачышат жана коомдук медиа уюму тарабынан көзөмөлдөнөт.
  4. Коомдук медиа колдонуучунун профилин башка кишилердин же топтордун барактарына туташтыруу менен онлайн коомдук желелердин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Адатта колдонуучулар коомдук медиа кызматтарына иш такта компүтерлери, лэптоптор, же болбосо мобилдик түзмөктөргө (мисалы, смартфондор жана планшеттер) коомдук медиа функцияларын сунуш кылган, жүктөп алуучу кызматтардагы желеге негизделген технологиялар аркылуу жеткилик алышат. Бул кызматтар пайдаланылганда колдонуучулар өтө интерактивдүү аянтчаларды жарата алышат. Ал аркылуу кишилер, коомчулуктар жана уюмдар колдонуучу тарабынан чыгарылган мазмунду же онлайн чыгарылган, мурда даярдалган мазмунду бөлүшүп, биргелешип жарата алышат, талкуулашып өзгөртө алышат. Алар ишканалар, уюмдар, жамааттар жана жеке адамдар ортосундагы байланыш боюнча олуттуу жана кеңири өзгөртүүлөрдү киргизген. Коомдук медиа жеке адамдар менен ири уюмдардын пикир алышуусун өзгөртөт. Бул өзгөрүүлөр жаңыдан чыгып келаткан техно өздүк (англ. technoself) изилдөөлөрдүн башкы темасы болуп саналат. Коомдук медиа кагазга негизделген медиадан (мисалы, журнал жана гезиттер) же салттуу электрондук маалымат каражаттары, мисалы, телекөрсөтүүдөн көп жагынан, анын ичинде сапаты, камтуусу, жыштыгы, интерактивдүүлүгү, мүкүнчүлүгү, ылдамдыгы жана туруктуулугу менен айырмаланат. Коомдук медиа диалогиялык жайылтуу системи менен иштейт (көп булактардан көп кабыл алуучуларга). Бул тескерисинче монологиялык жайылтуу моделиндеги (бир булактан көп кабыл алуучуларга) салттык медианын карама-каршысы болуп саналат. Мисалы, көптөгөн жазылуучуга жеткирилген кагаз гезит же бир эле программаларды толугу менен бир шаарга обого чыгарган радио. Таанымал коомдук медиа сайттардын айрымдары Baidu Tieba, Facebook (жана ага байланыштуу Facebook Messenger), Gab, Google+, Instagram, LinkedIn, Pinterest, Reddit, Snapchat, Tumblr, Twitter, Viber, VK, WeChat, Weibo, WhatsApp, Wikia жана YouTube болуп эсептелет. Аталган коомдук медиа сайттары 100,000,000дон ашуун катталган колдонуучуларга ээ.

Америкадагы бир сурамжылоого ылайык, Америкадагы өспүрүмдөрдүн 84 пайызы Facebook аккаунту бар экенин айткан. 13 жаштан 17 жашка чейинки балдардын 60 пайызынын жок эле дегенде коомдук медиаларда бир профили бар. Алардын көпчүлүгү коомдук желе сайттарында күнүнө эки сааттан ашуун убакыт өткөрүшөт. Нилсен компаниясына ылайык, интернет колдонуучулар коомдук медиа сайттарында башка сайттарга караганда көбүрөөк убакыт өткөрүп келишет. Ошол эле учурда, АКШда жеке компүтерлер жана ошондой эле мобилдик түзмөктөр аркылуу коомдук медиада өткөрүлгөн жалпы убакыт 99 пайызга өскөн: 2011-жылдын июлундагы 66 миллиард мүнөт убакытка салыштырмалуу 2012-жылдын июль айында ал 121 миллиард мүнөттү түзгөн. Мазмун жасагандар үчүн коомдук медиага аралашуу коомдук бөлүшүүдөн дагы бедел топтоого, карьералык мүмкүнчүлүктөргө жана акчалай киреше табууга чейин өтүп кеткен.

Байкоочулар коомдук медианы пайдалануунун бир катар оң жана терс таасирлерин белгилешкен. Коомдук медиа чыныгы же онлайн коомчулук менен адамдардын байланышта болуу сезимин жогорулатууга жардам бере алат. Коомдук медиа корпорацияларга, ишкерлерге, коммерциялык эмес уюмдарга, анын ичинде укук коргоо топторуна, саясий партияларга жана бийликке натыйжалуу байланыш (же маркетинг) шайманы болушу мүмкүн. Ошол эле учурда, коомдук медианы көп пайдалануу менен депрессиянын, ал тургай киберкуугунтук, онлайн асылуу жана "троллиңдин" ортосунда ыктымал байланыш жөнүндө маселе дагы көтөрүлүп келет. Учурда жаш өспүрүмдөрдүн жарымы киберкуугунтукка кабылып, алардын 20 пайызы дайыма киберкуугунтукка туш болгонун айтышкан. Америкадагы 7-класстын окуучуларынын арасында өткөрүлгөн дагы бир сурамжылоо Алдын алуу жараянын кабыл алуу модели (англ. Precaution Process Adoption Model) деген аталыш менен белгилүү. Бул изилдөөгө ылайык, 7-класстын окуучуларынын 69 пайызы киберкуугунтукту башынан өткөргөнүн билдиришкен. Ошондой эле алар бул бетме-бет коркутуудан да жаман экенин айтышкан.

Аныктама жана классификация[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өз алдынча жана курулган коомдук медиа кызматтарынын түрүнүн өсүшү аныктама берүүнү оорлоштурат. Коомдук медиа адамдарды топтойт деген жөндөмү менен аныктама берүү аябай жалпы аныктама деп эсептелген. Анткени бул окумуштуулар сүрөттөгөнгө аракет кылган технологияларды эмес, телеграф менен телефон дагы коомдук медиа дегенди туюнтуп калган. Терминология түшүнүксүз, айрымдары коомдук медианы коомдук желелер деп келишет.

Ал эми 2015-жылдагы изилдөө бул жааттагы көрүнүктүү адабияттарды карап чыгып, ошол учурдагы коомдук медиа кызматтарынын төрт уникалдуу жалпы өзгөчөлүгүн аныктаган:

1. коомдук медиа — Web 2.0 интернетке негизделген колдонмолор,

2. колдонуучулар чыгарган мазмун (англ. user-generated content, UGC) коомдук медианын организминин жашоо булагы,

3. колдонуучулар сайт же колдонмо үчүн кызматка негизделген профилдерди ачышат, алар коомдук медиа уюму тарабынан көзөмөлдөнөт,

4. коомдук медиа колдонуучунун профилин башка адамдардын, же бир топтун барактарына туташтыруу менен онлайн коомдук желелердин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Merriam-Webster 2016-жылы коомдук медиага "адамдар маалымат, идея, жеке билдирүү жана башкаларды бөлүшүү үчүн онлайн коомчулуктарды түзгөн (мисалы, веб сайттар) электроникалык байланыш формасы" деп аныктама берген.

Коомдук медиа көбүнесе төмөнкү коомдук желе сайттарын сүрөттөө үчүн колдонулат:

  1. Facebook — колдонуучуларга жеке профил ачуу, сүрөт жана видео бөлүшүү, башка колдонуучулар менен алака түзүү мүмкүнчүлүгүн берген онлайн коомдук тармакташуу сайты
  2. Twitter — колдонуучуларга өз жазылуучулары үчүн анык убакытта жаңыртууларды көрүш үчүн "твит" жазуу мүмкүнчүлүгүн берген интернет кызматы
  3. LinkedIn — ишкер коомчулугу үчүн ачылган тармакташуу вебсайты. Ал колдонуучуларга кесиптик профил ачуу, резюме жазуу жана башка адистер, жумуш издегендер менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн берет.
  4. Pinterest — онлайн коомчулук. Ал колдонуучуларга желедеги табылган заттын сүрөтүн көрсөтүү жана башкалар менен идеясын бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берет.
  5. Snapchat — мобилдик түзмөктөр үчүн колдонмо. Ал колдонуучуларга өздөрүнүн күнүмдүк иш-аракеттерди аткарып аткан учурдан сүрөттөрдү жөнөтүү жана бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Коомдук медиа технологиялары ар кандай, анын ичинде блог, ишкердик тармактар, ишкананын коомдук тармактары, форумдар, микроблоктор, сүрөт бөлүшүү, буюмдарды/кызматтарды баалоо, коомдук белгилөө, коомдук оюн, коомдук желелер, видео бөлүшүү жана виртуалдык дүйнөлөр сыяктуу формаларда болот. Коомдук медианы иштеп чыгуу sixdegrees.com сыяктуу жөнөкөй эле аянтчалар менен башталган. ICQ жана AOL'дун AIM, же болбосо IRC, iChat же Chat Television сыяктуу баарлашуу кызматтарынан айырмаланып, sixdegrees.com чыныгы аттарын пайдаланган чыныгы адамдар үчүн түзүлгөн. Бирок, алгачкы коомдук желелердин өмүрү кыска болгон, анткени алардын колдонуучулары кызыгуусун жоготуп алышкан. Коомдук желе төңкөрүшү тармактык сайттардын өсүшүнө алып келген. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, аудитория убактысынын 22 пайызын коомдук желе сайттарында өткөрөт. Бул коомдук медиа аянтчаларынын канчалык популярдуу болуп кеткенин айгинелейт. Бул өсүш азыркы көпчүлүк адамдардын күнүмдүк жашоосундагы смартфондор менен байланышы бар.

Жер жүзүндө колдонулушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рита Сафранектин "Саясий жана бийлик алмашуудагы коомдук медианын ролу" аттуу макаласына ылайык, Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка дүйнө жүзү боюнча эң жаш калкы болгон аймактардын бири. 25 жашка чейинки адамдар ар бир өлкөнүн 35-45 пайызга чейинки калк катмарын түзөт. Arab Advisors Group компаниясынын маалыматына караганда, алар коомдук медиа колдонуучулардын көпчүлүгүн түзүшөт: 17 миллион Facebook колдонуучу, 25,000 Twitter аккаунт жана 40,000 жигердүү блог бар.

Эң популярдуу кызматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул 2017-жылдын апрелине карата активдүү колдонуучулардын аккаунттарынын санына негизделген алдыңкы коомдук желелер ​​тизмеси.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]