Instagram

Википедия дан
Instagram
Тип

фототиркеме

Түзүүчү

Instagram, Inc.

Операциялык система

iOS 4.3 же жаңыраагы,
Android 2.2 же жаңыраагы

Интерфейс тили

англис, кытай, француз, немис, итальян, жапон, корей, португал, испан жана орус тилдеринде

Биринчи чыгарылышы

2010 жылдын, Тогуздун айынын 6да

Акыркы үлгүсү

Android 3.5.3[1] (2013 жыл 7 май)
iOS 3.4.2[2] (2013 жыл 1 февраль)

Лицензия

Freeware

Сайты

instagram.com

Instagram тиркемесин колдонуу мисалы.
16 ар башка Instagram-фильтринин жардамы менен өзгөртүлгөн коллаж.

Instagram — мобилдик түзмөккө, иш такта компүтерине жана интернетке негизделген сүрөт бөлүшүү колдонмосу. Кызмат колдонуучуларга сүрөт жана видеолорду ачык эле же жекече бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ал Кевин Систром (Kevin Systrom) жана Майк Кригер (Mike Krieger) тарабынан жарык көргөн, ал эми 2010-жылы октябрда iOS операциондук системдери үчүн гана акысыз мобилдик колдонмо катары колдонууга берилген. Android түзмөктөр үчүн нускасы эки жыл өткөндөн кийин, 2012-жылдын апрелинде жарыкка чыккан. Анын артынан 2012-жылы ноябрда өзгөчөлүктөрү чектелген вебсайт интерфейси пайда болгон. Ал эми Windows 10 Mobile жана Windows 10 үчүн колдонмолор тиешелүүлүгүнө жараша 2016-жылы апрелде жана 2016-жылы октябрда чыккан.

Instagram катталган колдонуучуларга кызматка сүрөттөрдү же видеолорду жүктөө мүмкүнчүлүгүн берет. Колдонуучулар өздөрүнүн сүрөттөрүнө ар кандай санарип чыпкаларды колдонуп, геотегдер аркылуу турган жерин кошо алышат. Алар өз постторуна хештегдерди кошсо болот, муну менен ошол сүрөттү окшош теманы чагылдырган Instagram'дагы башка мазмун менен байланыштырышат. Колдонуучулар өз баракчаларын башка коомдук медиа профилдерине дагы туташтыра алышат. Бул сүрөттөрдү ошол профилдерге да бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берет. Башында Instagram'ды айырмалап турган өзгөчөлүгү -- сүрөттөрдү чарчынын ичине калыпка салчу; бул 2015-жылы августта өзгөртүлүп, жаңы нускасында колдонуучулар медианы толук өлчөмдө жүктөй алып калышкан. 2012-жылдын июнунда "Изилдөө" терезеси жарыкка чыккан. Ал колдонуучуларга медианын ар кандай түрүн көрсөткөн, анын ичинде популярдуу сүрөттөр, жакын арада тартылган фотосүрөттөр, тренд болуп аткан тегдер жана жерлер, сунушталган видеолор үчүн каналдар менен тандалган мазмун болгон. Видеолорду колдоо алгач 2013-жылы июнда башталып, максимум 15 секундалык убакыт коюлган жана сапаты чектелген. Instagram кийинчерээк кенен экран жана узак видеолорду колдой баштаган.

2012 жылдын апрель айында Instagram Facebook компаниясы аркылуу сатылып алынган. Сатып алынган так баасы накталай 300 миллион долларды жана компаниянын 23 миллион акциясы менен түзүлдү[3].

Логотип[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2010-2016 логотиби

Инстаграм социалдык тармагы негизделгенден бери алгачкы жолу өзүнүн логотибин жана дизайнын 2016 жылдын 12 майында өзгөрттү. Бул тууралуу маалымат аталган сайттын расмий баракчасында жазылды.

учурдагы логотиби

Бардык тиркемелер жаӊы жалпак логотиптерге ээ болуп, ал эми Инстаграм өзү ак-кара түскө өзгөрдү. Сервистин дизайны да ак-кара түскө алмашып, келген билдирүү, эскертүүлөр кызыл түскө өзгөргөн. Бир караганда жаштардын арасында өтө популярдуу социалдык тармактын логотиби күн желесиндей кубулуп тургандай таасир калтырат. Инстаграмдын жаратуучуларынын айтымында, логотип баарына белгилүү бойдон калышы керек болгондуктан, instant-камеранын оригиналдуу бөлүктөрү мурункудай эле калтырылган. Ошондой эле Инстаграмдын Layout, Boomerang жана Hyperlapse тиркемесинин логотиптери да өзгөргөнүн байкоого болот.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Instagram - Приложения на Google Play. Текшерилген күнү 2 -февраль (бирдин айы) 2013.
  2. Instagram для iPhone, iPod touch и iPad в iTunes App Store. Текшерилген күнү 2 -февраль (бирдин айы) 2013.
  3. Protalinski, Emil Facebook buying Instagram for $300 million, 23 million shares. ZDNet. CBS Interactive (23-04-2012). Текшерилген күнү 8 -сентябрь (аяк оона) 2012. Түп булактан архивделген күнү 27 -октябрь (тогуздун айы) 2012.

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]