Коомдук пикир

Википедия дан

Коомдук пикир – көпчүлүк элдин, таптын, социалдык топтун тышкы дүйнөнүн өз керектөөлөрү менен кызыкчылыктарына тиешелүү болгон фактыларына, окуяларына, кубулуштарына жана процесстерине жасаган реалдуу мамилесин чагылдырган массалык аң-сезимдин жашоосунун же көрүнүшүнүн ыкмаларынын бири.

Коомдук пикирдин калыптанышы жана өнүгүшү саясий уюмдар менен социалдык институттардын эл массаларына тийгизген таасиринин натыйжасында максаттуу же күнүмдүк жагдайлардын, социалдык тажрыйбанын жана каада-салттын тике таасири астында стихиалуу жүрөт. Конкреттүү коомдук пикирдин белгилеринин катарына анын таралышын жана интенсивдүүлүгүн киргизүүгө болот. Коомдук маанайдан айырмаланып коомдук пикир стабилдүү жана мазмуну боюнча ачык-айкын мүнөздө болот.

Коомдук пикир айрым пикирлердин механикалык суммасы эмес, алардын өз ара алмашуусунун, баюусунун, өтүүсүнүн натыйжасы болуп эсептелет. Рационалдуу, эмоциялык жана эрктик элементтердин органикалык биримдиги катары коомдук пикир төмөнкүдөй үч деңгээлде көрүнөт:
1) рухий мамиле (баалоочу ой пикирлер аркылуу);
2) рухий тажрыйбалык мамиле (эмоциялуу-эрктик дүүлүгүүлөр, умтулуулар, ниеттер ж. б. аркылуу);
3) тажрыйбалык мамиле (массалык иш-аракеттер жана жорук-жосундар аркылу).

Коомдук пикирдин кадыр-паркынын күчү анын көпчүлүккө таянгандыгы менен шартталган. Эгерде көпчүлүк туура көз караштын позициясын ээлесе, анда коомдук пикир көпчүлүктүн бышып жетилген позициясына айланат да, алардын социалдык мааниси менен тажрыйбалык аракетин көтөрөт. Коомдук пикир коомдук өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири, социалдык тескөөнүн, кеңири эл массаларынын жүрүм-туруму менен практикалык ишмердүүлүгүн жөнгө салуунун эффективдүү каражаты болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8