Коом таануу

Википедия дан

Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын модернизациялоонун башкы жана негизги милдети - анын жеткиликтүүлүгүн, сапатын арттыруу жана натыйжалуулугун камсыз кылуу. Бул масштабдуу түзүмдүк, институттук жана уюштуруучулук-экономикалык өзгөртүүлөрдү киргизүү эле эмес, бул, биринчи кезекте, - билим берүүнүн баарынан мурда жалпы билим берүүнүн мазмунун олуттуу түрдө жаңыртуу, аны мезгилдин талабына жана өлкөнү өнүктүрүүнүн милдеттерине ылайыкташтыруу. Бул милдетти чечүүнүн башкы шарты жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартын түзүү болуп саналат. Ошого байланыштуу 2009-2011-жылдарда Кыргыз билим берүү академиясында бардык окуу предметтери боюнча, анын ичинде коом таануучулук жана экономикалык жалпы билим берүү боюнча мамлекеттик стандарттар иштелип чыкты. Цивилизациялык укук таануучулукка жана аңдап туюуга тарбиялоо, мыйзамга жана укуктук жүрүм-турум адаттарына урмат менен мамиле кылуу - демократия шартындагы социалдык мамилелерди өркүндөтүүнүн эң ынанымдуу, эң ийкемдүү жана эң таасирдүү каражаттарынын бири. Укук маданиятынын негиздери жалпы билим берүү тармагында балдар мектепке бара баштаган мезгилден тартып эле (ал тургай, мектепке чейинки мекемелерде да) калыптандырыла баштайт. Ошондуктан жалпы билим берүүчү мекемелерде укуктук билим берүүнү оптималдуу уюштуруу өзгөчө олуттуу маселе болуп саналат. Кыргыз Республикасында жалпы билим берүү тармагын реформалоонун максаттарына жана багыттарына ылайык, буга чейин колдонулуп келген "Адам жана коом" курсунун мазмунуна олуттуу өзгөртүүлөр киргизилди: 1. Адамзат коомундагы коомду жана укукту таануучулук багыттагы жалпы билим берүүчү бул окуу курсу Адам жана коом (Жаран таануу) деп аталат. Жаран таануу - жарандык, демократиялык коомдун жана укуктук мамлекеттин баалуулуктарын бекемдөөгө багытталган; бул предмет Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүүчү мекемелердин жогорку, 9-11-класстарында интеграциялык окуу предмети катары базалык жана профилдик деңгээлдерде үзгүлтүксүз окутулуп өздөштүрүлөт. Адам жана коом (Жаран таануу) курсу окутула турган жалпы билим берүү баскычтары: II, III баскычтар. 2. Адам жана коом (Жаран таануу) курсу боюнча окуу предметтеринин жана окуу китептеринин аталыштары: 9-класс үчүн - Адам жана коом (Жаран таануу): адам жана укук; 10-класс үчүн - Адам жана коом (Жаран таануу): адам жана мыйзам; 11-класс үчүн - Адам жана коом (Жаран таануу): адам жана коом. Биз 9-11-класстар үчүн Программалардын мазмунунда коомдук түзүлүштөгү адам укуктарын жана эркиндиктерин, укук маданиятынын негиздерин, XXI кылымдын глобалдуу дүйнөсүнүн табиятындагы жаңылыкты түшүнүүгө, глобалдаштыруунун - элдердин жана улуттардын, мамлекеттер менен цивилизациялардын ыкчамдык менен жакындашууларынын, алардын бирдиктүү бир бүтүн (көптөгөн карама-каршылыктардын жана жаңжалдардын натыйжасында ажырымдар болуп жатканына карабастан) адамзатка айлануусунун негизги багыттарын жана жолдорун аныктоого аракет кылдык. Глобалдуу дүйнөнү таанып билүү менен, биз адамзат коому деген эмне экендигин, ал кандайча пайда болорун, эмнелерден турарын жана кандай негизги типтерге бөлүнүшү мүмкүн экендигин, коомдук өнүгүү жолдорунун өзгөчөлүктөрүн аныктайбыз. Ошону менен бирге эле биз - кыргызстандыктар - үчүн эң башкы маселе болуп саналган: "Бул тез өзгөрүлмө глобалдуу дүйнөдө Кыргызстандын ээлеген орду кандай?" - деген маселенин үстүндө изилдеп-иликтөө жүргүзөбүз. Ошентип, XXI кылымдын глобалдуу дүйнөсүнүн өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүүгө багытталган бул Программалар жаңыча өңүттө иштелип чыкты. Заманбап билим берүү дүйнөсүндөгү глобалдуу өзгөрүп-өнүгүүлөрдүн жана жаңыча инновациялык өңүттөрдө ой жүгүртүүлөрдүн шартында Кыргыз билим берүү академиясынын жаран таануучулук билим берүү багытында эмгектенип жатышкан илимий кызматкерлери, республикабыздын жаран таануучулук предметтерди окуткан алдыңкы мугалимдери жана ЖОЖдордо эмгектенишкен окумуштуу окутуучулар тарабынан биздин республикабыздын билим берүү тармагындагы жалпы билим берүүнүн жаңыча өңүттөрүн дыкаттык менен терең өздөштүрүлүүдө. Үчүнчү миң жылдыкка жол ачкан XXI кылым башталганына аз эле убакыт болгону менен, бул жылдардын ичинде көптөгөн олуттуу жана маанилүү өзгөрүүлөр болуп өттү жана болууда. Арийне, демократиялык коомдун түптөлүшү, жашап кетиши мамлекеттеги укуктук мамилелердин ырааттуулук менен өркүндөтүлүшүнө, бекемделишине жараша болот. Ал эми бул өз кезегинде ар бир жарандын жана бүтүндөй коомдун укуктук маданиятына байланыштуу болору ырас. Демек, укуктук таалим-тарбия алуу жеткинчек муун үчүн, өспүрүмдөр үчүн өтө зарыл болуп саналат. 9-класста окутулуучу "Жаран таануу: адам жана укук" окуу китеби Адам жана коом (Жаран таануу) курсунун баштапкы курамдык бөлүгү болуп саналат. "Адам жана коом (Жаран таануу): адам жана укук" предметинин окуу программасында укуктук таалим-тарбия ар бир адамдын коомдук турмушка аң-сезимдүү түрдө катышып, өзүнүн жеке таламдары менен башкалардын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын туура айкалыштыра билишине өбөлгө болот. Укуктук мамлекеттин өкүм сүрүшүнүн негизги принциби - коомдо укуктун үстөмдүк кылышы. Ал башка бардык принциптердин аткарылышына кепил болот. Укуктун үстөмдүгү - бул жарандардын, кызматкерлердин, түрдүү уюмдардын, өкмөттүк мекемелердин, ошондой эле, биринчи кезекте, мамлекеттин өзүнүн укукка баш ийүүчүлүгү. Мамлекет жарандардын эркин мыйзам актылары аркылуу туюндурат, ал мыйзамдардын так жана кыйшаюусуз бардык жарандар тарабынан аткарылышын көзөмөлдөйт жана мыйзамдардын бузулбашына кепилдик кылат. Бирок бул өзүнөн өзү эле ишке аша койбойт. Укук менен милдеттин тең салмактуулугу, укуктук аракетке жөндөмдүүлүк ж.б.у.с. - жөн эле абстрактуу маалыматтардын жыйындысы эмес, булар ар бир жарандын күндөлүк иш-аракеттерин жетекчиликке алууга тийиш болгон эрежелер, көндүмдөр. Укук таануучулук билим берүүчү курстун таалим-тарбиялык максаттары жана милдеттери: o Окуучулардын укуктук аң-сезимди жана укук маданиятын, социалдык-укуктук жигердүүлүктү, укук нормаларын сактоонун зарылдыгын аңдап туюуну, өзүн укуктары жана эркиндиктери мыйзамдуу түрдө корголгон коомдун толук укуктуу мүчөсү катары аңдап-туюу жана сезүү сезимдерин калыптандырууга багытталган инсандык сапаттарын өнүктүрүү; o Окуучулардын жарандык жоопкерчиликти жана өздүк нарк-насилди, адептүүлүктү, башка адамдын укуктарын жана эркиндиктерин, демократиялык укуктук институттарды, укук тартибин урматтоо сезимин тарбиялоо; o Окуучулардын негизги укуктук принциптер, нормалар жана институттар, Кыргызстандын адамдын жарандык позициясын ишке ашырууга укук берген милдеттерин аткаруу, укуктарын коргоо жана натыйжалуу пайдалануу үчүн зарыл болгон укуктук системасынын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билимдерди өздөштүрүү; o Окуучуларды өздөштүрүлгөн билимдерди жана ишмердик жол-жоболорду инсандын мыйзамдуу таламдарын жана укуктарын коргоо максатында колдонуу үчүн зарыл болгон көндүмдөргө ээ кылуу; o Окуучулардын укуктук чечимдерди кабыл алууга, укуктук жөнгө салынган өз ара мамилелер чөйрөсүндө аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү аракет кылуу жөндөмдүүлүктөрүн жана даярдыктарын калыптандыруу; o Окуучулардын руханий маданиятын, демилгелүүлүк, өз алдынчалуулук, коомго үзүрлүү социалдашуу жөндөмүн калыптандыруу; o Курсту окутууну окуучулардын индивидуалдуу билим берүү программаларын өз жөндөмдүүлүктөрүнө, ынанымдарына жана таламдарына жараша түзүүнүн кеңири жана ийкемдүү мүмкүнчүлүктөрү менен дифференциациялоо; o Эмгек рыногунун реалдуу керектөөлөрүн эсепке алуу менен, окуучулардын кесиптик билим алуулары жана адистик ишмердиктери үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу. Табигый илимдер тармагында эмгектенген россиялык белгилүү окумуштуу, академик Никита Николаевич Моисеев ХХ кылымдын соңунда мындай деп айткан: "Ушуга чейин мага физика, техникалык илимдер жана, албетте, математика гана айтууга арзырлык анык илимдей, анык иштей болуп сезилчү. Арийне, улам барган сайын менин "гуманитардык" деп аталган илимдер жаатындагы проблемаларга кызыгуум арта баштады. Эми минтип, өзүмдүн көптөгөн жылдык илимий да, педагогикалык да ишмердигимдин тажрыйбаларына талдоо жүргүзүп иликтеген сайын гуманитардык илимдердин жана гуманитардык багыттагы таалим-тарбия берүүнүн зарылдыгына терең ынанып калдым. Мында белгилеп кете турган жагдай, менин ушундай оюма кошулган физиктердин, математиктердин, табигый илимчилердин саны улам арбууда. Мен келечек жөнүндө, ноосферанын болочок доору жөнүндө ойлонгон сайын, келаткан кылым гуманитардык илимдердин кылымы болот… адам жөнүндөгү илимдин кылымы болот дегенге көбүрөөк ынануудамын". Белгилүү окумуштуу, академик тарабынан эмне себептен ушундай баа берилген? Биринчиден, ХХ кылымдын аягында табигый илимдердин прогресси жана техникалык прогресс өз бетинче оң натыйжаларды бере албастыгы айкын болду. Илимий-техникалык прогресстин дүйнөнү туруксузданткан жана адамзаттын жан сактоо проблемасын алдынкы планга чыгарган карама-каршылыктары ачыкка чыкты. Генндик инженерия, микродүйнөнүн физикасы, электроника жаатындагы жетишкендиктер жана башка көптөгөн жагдайлар изилдөөлөргө этикалык баа берүү, илимий-техникалык долбоорлордун гуманитардык экспертизасы сыяктуу маселелерди курчутту. ХХ кылым жаратылыштын сырларын тааный билген, табигый илимди жана техниканы түзгөн адамга болуп көрбөгөндөй күч-кубаттуулукту бергени менен, натыйжада адам өзүн жаратылышка каршы койгон туңгуюкка кептелип, өзүнүн ишмердүүлүгүнүн гумандуулук критерийлерин жоготуп алганын туйду. Мына ушундай шарттарда көптөгөн окумуштуулар адамзат проблемаларын табият таануунун мүмкүнчүлүктөрүнө жана жаран таануучулук баа берүүгө таянуу менен, комплекстүү чечүүгө өбөлгө боло тургандыктан, табигый-техникалык жана гуманитардык илимдерди интеграциялоого үндөшүүдө. Мына ушундай өңүттө гана дүйнөнүн илимий-техникалык багыттарды да, социалдык-саясий ишмердүүлүктү да аныктоого мүмкүнчүлүк берүүчү бирдиктүү бир бүтүн бейнеси түзүлөт. Экинчиден, XX-XXI кылымдардын чегинде коомдук турмуштун өзүндө олуттуу өзгөрүүлөр болууда. Дүйнөлүк коомдоштуктун бүтүндүгү жана өз ара байланыштуулугу артууда, өзгөрүүлөрдүн темпи тездөөдө, коомдук түзүм татаалдашууда. Бул ХХ кылымдын аягында демократиянын калыптануусунун, шайлоо эрксиздигинен эркин шайлоого өтүүсүнүн, авторитардык бийликтин диктатынан координацияга жана кызматташтыкка, жогортон башкаруудан жергиликтүү өз алдынча башкарууга өтүүнүн, бирин бири толуктап туруучу көп варианттуу, ийкемдүү, өз алдынча жөнгө салууга, өз алдынча уюшулууга жөндөмдүү социалдык системаны калыптандыруунун катаал процесси башталган Кыргызстан коомуна да тиешелүү. Коом таануучулук билим берүүнүн 10-11-класстар үчүн түзүлгөн окуу программаларынын мазмуну Мамлекеттик стандартта көрсөтүлгөн мазмундун милдеттүү минимумун толугу менен камтыйт. Адам жана коом (Жаран таануу) курсунун бул бөлүгүндө укуктук, саясий жана экономикалык маселелер кеңири жана терең ачылып берилет. Жаңы материалдарды өздөштүрүүдө 9-класста ээ болгон билимдерге таянуу зарыл. Жаңы билимдерди мурда ээ болгон билимдер менен байланыштырып окуу аларды туура түшүнүүнүн, бирдиктүү системада өздөштүрүүнүн шарты болуп саналат. Ээ болгон кесибине жана иштеген кызматына карабастан, жарандык коомдо жашаган, башка адамдар, мекемелер, уюмдар жана мамлекет менен өз ара байланышта болгон ар бир адам өзүнүн заманбап дүйнөдөгү ишмердүүлүгүнүн жол көрсөткүчү болгон социалдык-гуманитардык билимдерге муктаж. Демек, 10-класстар үчүн иштелип чыккан "Адам жана коом (Жаран таануу): адам жана мыйзам" жана 11-класс үчүн иштелип чыккан "Адам жана коом (Жаран таануу): адам жана коом" курстары бере турган таалим-тарбия жашоо-турмушта сөзсүз керек болот жана кесиптик билим берүүчү мекемелердин (колледж, лицей, ЖОЖ) кайсынысында болбосун өтүлүүчү коомдук дисциплиналарды андан ары тереңдетип өздөштүрүүгө жардам берет. Жалпы билим берүүчү базалык деңгээлдеги Адам жана коом (Жаран таануу) курсунун мазмуну жалпы коом, коомдо жашаган адам, тааным, экономикалык чөйрө, социалдык мамилелер, саясат, рухий-адеп-ахлактык чөйрө, укук өңдүү негизги социалдык объекттерди чагылдыруучу билимдердин комплексин камтыйт. Бул социалдык объекттер тууралуу билимдерди социология, экономикалык теория, саясат таануу, социалдык психология, укук таануу жана философия илимдери берет. Мына ушул компоненттердин баарысы тең бири-бири менен өтө тыгыз байланыштуу. Адам жана коом (Жаран таануу) курсунун мазмунуна, аталып өткөн билимдерден тышкары, социалдык көндүмдөр, орчундуу компетенттүүлүктөр, адамдардын коомго жана башка адамдарга карата мамилелери боюнча моралдык нормалардын жана принциптердин жыйындысы, адамдардын коомдук турмуштун бардык тармактарындагы мамилелерин жөнгө салып туруучу укуктук нормалар, гумандуулук жана демократиялык баалуулуктардын системасы кирет. Адам жана коом (Жаран таануу) курсунун базалык деңгээлдеги мазмуну негизги билим берүү баскычында өздөштүрүлгөн "Адам жана коом (Жаран таануу): адам жана укук" курсундагы айрым социалдык объекттерди тереңдетип өздөштүрүү аркылуу коомду жана укукту таануучулук багыттагы жалпы билим берүүнүн ырааттуулугун камсыз кылат. Ошондуктан бул курска заманбап адам аңдап түшүнүүгө жана терең туюп билүүгө тийиш болгон кыйла татаалыраак бир катар жаңы түшүнүктөр киргизилди. Адам жана коом (Жаран таануу) курсунун жаңыча мазмуну тарых, география, адабият курстары ж.б. менен предметтер аралык байланыштар аркылуу өздөштүрүлөт. Демек, жалпы билим берүүнүн жогорку баскычында окутула турган Адам жана коом (Жаран таануу) курсун базалык деңгээлде өздөштүрүүнүн максаттары төмөнкүдөй тастыкталат: o Өспүрүм куракта инсандык сапатты, руханий-адептик, саясий жана укуктук маданиятты, ой жүгүртүүнүн экономикалык бейнесин, мыйзамды жана укук тартибин урматтоого негизделген социалдык жүрүм-турумду калыптандыруу жана өнүктүрүү; социалдык жана гуманитардык предметтерди өздөштүрүүгө кызыгуусун арттыруу; o Жарандык жоопкерчиликти, укуктук аң-сезимди, толеранттуулукту, Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген гумандуулук жана демократиялык асылбаалуулуктарды сактоочулук сапатты тарбиялоо; o Адамдардын экономикалык жана башка ишмердиктери жөнүндө, коом жана анын чөйрөлөрү жөнүндө, социалдык чөйрө менен өз ара байланышта болуу үчүн, адамдын жана жарандын мүнөздүү социалдык ролдорун аткаруу үчүн, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларында жана өз алдынча билимин өркүндөтүүдө социалдык-экономикалык жана гуманитардык дисциплиналарды өздөштүрүүнү улантуу үчүн зарыл болгон коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салуулар жөнүндө билимдердин системасын өздөштүрүү; o Социалдык (анын ичинде экономикалык жана укуктук) маалыматтарды ала билүү жана сынчыл ой жүгүртө билүү, алган маалыматтарга талдоо жүргүзө, системалаштыра билүү жөндөмдүүлүктөрүнө ээ болуу; жарандык коомдун жана мамлекеттин турмуштук иш-чараларына катышуу үчүн зарыл болгон таанып билүүчүлүк, коммуникациялык, тажрыйбалык ишмердиктердин жол-жоболорун өздөштүрүү; o Ээ болгон билимдерин жана көндүмдөрүн социалдык мамилелерде, жарандык жана коомдук ишмердиктерде, инсандардын өз ара байланыштарында, ар түрдүү улуттардагы жана диний ишенимдердеги адамдардын ортосундагы мамилелерде, үй-бүлө жана турмуш-тиричилик чөйрөлөрүндө, өзүнүн жана башка адамдардын иш-аракеттерин мыйзам тарабынан орнотулган жүрүм-турум нормалары менен салыштырууда, укуктук жол-жоболор жана каражаттар аркылуу коомдогу укуктук тартипти сактоо аракеттеринде колдонуу тажрыйбасын калыптандыруу.


Булагы: google.kg