Кордова (Аргентина)

Википедия дан
Кордова.

Кордова (Аргентина)Аргентинадагы шаар. Кордова провинциясынын административдик борбору. Пампа табигый облусунун (бийиктиги 360—480 м) чегинде жайгашкан. Калкы 1,5 млн (2009; агломерациясында 1,8 млн). Калкынын саны боюнча Буэнос-Айрестен кийинки 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар.

Шаар 1573-ж. негизделген. Шаардын эски бөлүгүндө колониялык мезгилдеги курулуштар (анын ичинде собор; 1573), чиркөөлөр сакталган. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Кордовада ири банктар, «Intel», «Motorola» корпорацияларынын филиалдары жайгашкан. Авиа (анын ичинде реактивдүү самолёт ж. б. ) жана машина (фр. «Renault», италиялык «FIAT», «Iveco», германиялык «Volkswagen») куруу, тамак-аш, текстиль, булгаары—бут кийим, эмерек өнөр-жай ишканалары, уран байытуучу завод иштейт. Улуттук Илимдер академиясы, университеттер (анын ичинде Католик, 21-кылым ж. б.), институттар, пинакотека, сүрөт галереясы, музей бар. Зоология жана ботаникалык бак уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]