Коржинский сеселиси
Коржинский сеселиси (лат. Seseli korshinskyi (Schischk.), М. Pimen) - Бийиктиги 30-70 см болгон поликарптык, көп жылдык, тамыры тик ылдый өскөн, кочкул-жашыл өсүмдүк. Каудекси сөңгөктөнөт, былтыркы жалбырактардын куураган саптарынын калдыктары менен капталган. Сабагы жумуру, түп жагынан же ортосунан тартып бутактанат. Тамыр моюнчасынан өскөн жалбырактарынын сабынын узундугу 3-10 см. Жалбырактарынын узундугу 12 см ге чейин жетет, көрүнүшү ланцеттей, канаттай тилкелүү, тилке сегменттеринин узундугу 7-15 мм, жумурткадай же ромбдой, кыска саптуу, жээги бир аз оюктуу, арсак тишчелүү, асты түктүү, үстү түксүз. Сабактан өскөн жалбырактары кичирээк, эң жогоркулары жетилбестен жалбырак кучагына айланган. Чатыр топ гүлүнүн диаметри 4-6 см, түрдүү узундуктагы 4-15 майда чатырчалуу, алар ажырап уруктанган, ичинен түктүү нурдуу. Ороочторунун жалбыракчалары 4-5 санда, сызгыч- шибегедей, түктүү. Чатырчалары 15-20 гүлдүү, теңдеш эмес, ажыратылган гүл саптуу. Орооч жалбыракчалары 8-9 санда. Желекчелери ак, төбөсү бир аз оюктуу, сырты түктүү. Мөмөсүнүн узундугу 3,5 мм, жумурткадай, капталынан жалпайган, кыска жана жыш түктүү.
Биологиялык өзгөчөлүктөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Июлң-августта гүлдөп, август-сентябрда мөмөлөйт. Жалпы жана өлкөдө таралышы. Кетментөбө өрөөнүн курчаган тоолордо кездешет.
Өсүү шарттары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Таштуу-шагылдуу тоо беттери, шагыл таштар, акиташтуу топурактарда өсөт.
Саны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аныкталган эмес. Кездешкен жерлеринде бирин-серин учурайт. Чектөөчү факторлор. Белгисиз.
Өстүрүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өстүрүлгөн эмес.
Уюштурулган коргоо аракеттери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Корукка алынган эмес. Коргооү чүнзарыл аракеттер. Түр кеңири кездешкен жерлерде ботаника лык
Статусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]EN. Сейрек жана чакан аймактарда аз санда кездешкен эндем түр. Түрдүн илимге мааниси өтө чоң.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2