Коркут ата китеби

Википедия дан

«Коркут ата» китеби – түркий тектеш элдердин байыркы тарыхын, турмуш- тиричилигин , үрп- адатын , салт- санаасын , акындык өнөрүн тааныта турган ары көркөм эпикалык, ары тарыхый мурас. Бул чыгарма 7- 8- кылымдарда Сыр –Дарыя боюн мекендеген огуз- кыпчак урууларынын ичинен чыгып, кылымдардын кырын ашып, урпактан урпакка, муундан муунга өтүп, рухий казына катары биздин күнгө чейин жеткен адабий , тарыхый, этнографиялык мааниси терең чыгарма болуп эсептелет.
Коркут ата 8- кылымдарда Сыр- Дарыя боюнда жашаган баатыр, атактуу акын, күүлөрдүн устаты, таланттуу баяндамачы болгон. Анын энеси кыпчак уругунан , атасы Каракожо огуздардан экен.Ошол себептүү Коркут баатыр кыпчактар менен огуздарга бирдей карап, экөөнү тең көргөн, эки жактын тең атактуу адамы катары эсептелет. Ал өзүнүн даанышмандыгы менен узак жылдар бою эл башкарган көсөм, үч канга увазирлик кылган акылман инсан экендигин тарых маалыматтары бекемдейт.
Маалыматтарга караганда, Коркут ата ашкан күүчү- композитор болуптур, ошол себептүү бир катар түрк элдеринин ырчылары менен күүчүлөрү аны пир –устат тутушуптур ( күү атасы Камбаркан, Бекарстанды элестетип көрүңүз).

Ырдоонун үлкөн пири Коркут ата,
Бата алган бардык ырчы ашкан ата.
Таң калып журттун баары турчу экен,
Комуз менен Коркут ата күү тартканда –

деген ыр саптары ушул күнгө чейин сакталып калган.
Эл оозундагы аңыз сөздөргө караганда, Коркут ата учкул желмаянын минип алып, жер кыдырып, элине жайлуу жайыт издеген, өмүр бою ажалга каршы күрөшүп, өлүм дегенди билбеген ажайып инсан иретинде баяндалат. Өмүрүнүн акырында ал баары бир өлбөгөн жан болбойт экен деп, өлбөстүктү комуз күүлөрүнөн көрүп, улуу ырчы жана комузчу түбөлүк өмүрдү өз чыгармаларынан, күүлөрүнөн табат. Коркут атанын жан жыргаткан күүлөрү, улуу накыл сөздөрү, ар бир сабы макал- лакапка айланган ырлары урпактан урпакка асыл мурас жана түбөлүк казына катары өтүп отуруп, кылымдаган өмүрүн улантууда.
Улуу даанышман, атактуу акын, чыгаан күүчү- музыкант Коркут атага арнап, болжол менен 9-11-кылымдарда Кызыл -Ордонун Кармакчы аймагына күмбөз –пентеону салынган, аны азыр да атайын адам көзөмөлдөйт.Сыр –Дарыянын бир ташкынында күмбөз бузулуп, анын бир гана ныптасы калат, аны атайын өкмөт колго алып, 1980- жылы улуу инсанга обелиск орнотушат. Ошондон эртели -кеч күүнүн сыйкырдуу үнү угулуп турат деген кеп бар.Архитектор обелискти улуу музыканттын талантын эске алып, төрт комузду бири- бирине сүйөп, бириктирип кою аркылуу композиция түзөт. Ошентип, сандагпн кылымдарды басып өтүп, түркий элдер сүйгөн инсандын ыр дастандарынан, күүлөрүнөн кабар берген бул эстелик элдин көнүлүнөн чыккан мураска айланат.
КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР:
Ж. Шериев.” Байыркы адабият тарыхы”