Корольков шалфейи, Корольков көк башы

Википедия дан

Корольков шалфейи, Корольков көк башы (лат. Salvia korolkowii, Regel et Schmalh) - Тамыр сабагы узун жана жетилген каудекстүү жарым бадал. Жалбырактары негизинен жан тамырлуу, сабактагылары 2-3 жуптан, узунча, үстү жагы жашыл, асты ак кийиздей түктүү. Гүлдөгөн өсүмдүктөрүндө гүл жан жалбырактары эрте күбүлөт, уруктангандарында жан жалбырак жок. Гүл тобу начар бутактанган, негизинен бир кылка түгөй төмөнкү бутактан турат, жалган бир кылка болуп өскөн гүл тобу 1-3 см аралыкта жакын жайгашкан, 2-10 гүлдүү. Гүл сабынын узундугу 10-12 мм, уругу түшүп калса да, сакталып калат, түктүү. Чөйчөкчөсү чел кабыктуу, 13 ачык байкалган тарамыштуу. Жогорку эрини үч тишчелүү, ортоңку тишчеси ири, төмөнкү эрини эки айчыктуу, мөмөлүгүндө ачылган жана чоңойгон. Гүл коргону сары, түтүкчөсү чөйчөкчөсүндө катылган, гүл коргонунун жогорку эрини төмөнкүсүнөн кыска же ага теңдеш, түз, сыртынан түктүү, төмөнкүсү – буралган каптал айчыктуу, ортоңку айчыгы дөмпөк, тескери жумурткадай, салаңдаган. Мөмөсү – жаңгакча.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Июнң-июлда гүлдөп, июлң-августта уруктайт. Уругунан көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өзбекстан (Каржантоо, Угам, Пскем жана Көксуу тоо кыркаларынын түштүк-чыгыш чокулары, түндүк-чыгыш Чаткал тоо кыркалары) жана Кыргызстан (Чаткал дарыясынын бассейни).

Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тоолордун төмөнкү майда шагыл-таштуу алкактарынын беттери.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Популяциясы бир топ чектелген. Кыргызстан жана Өзбекстанда айрым гана аймактардан белгилүү. Кыргыз Республикасынын УИА гербарий топтомунда жок.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Популяциясынын өлчөмүнүн аздыгынан тез эле жок болуп кетиши ыктымал. Айрым бадалчалары жол салуу иштеринин кесепетинен жабыркаган.

Өстүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ташкент ботаника багында өстүрүлүүдө.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

СССРдин Кызыл китебине (1984), Өзбек ССРинин Кызыл китебине (1984), Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Популяциясы көп учураган жерлерде ботаникалык заказниктерди уюштуруу зарыл.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

V U . Сейрек кездешкен кууш эндем түр. Жогору декоративдүү өсүмдүк.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]