Коруктарга баяндама

Википедия дан

Заказник жана Коруктарга баяндама берүү — Заказник же корук- аңчылык айбандарын жана куштарын көбөйтүү, өстүрүү максатында аларды атууга тыюу салынган коруктагы бадалдуу токойлуу жер жер заказник деп аталат.

Корук-аңчылык айбандарын жана канатууларын коруу менен бирге алардын биологиясын үйрөнүү жана аңчылык айбандарынын запасын туура пайдалануу маселелерин чечүү үчүн атайын бөлүнгөн жер. Анда эң сейрек учуроочу жана баалу жырткычтар, куштар асыралып, аңчылык фаунасын байытуу, жапайы жаныбарлардын жашоо шартын жакшыртуу максаты көздөлөт.

Корукта эч кандай аңчылык кылбайт, ага катуу тыюу салынат. Бүгүнкү күндө өзгөчө корулуучу аймактарда 6 мамлекеттик корук 8 мамлекеттик улуттук жаратылыш парктары 70 тен ашык заказниктер, 42 токой чарбалары жана Ысык-Көл биосфералык аймагы бар. Аларда миңдеген кишилер иштешип, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргошот. Законсуз бак-дарактарды, карагат, арчаларды жана токойдогу бадалдарды кыйгандарга доо коюлуп, жогорку суммадагы штрафтардын тарифтери белгиленген. Аёлуу жаныбарларды аёсуз аткандарга айбанаттардын түрүнө жараша куну үчүн чоң айыптар салынып өндүрүүгө атайын закон бар. Деген менен бардык аракет агымдар жаратылыштын байлыгын биологиялык ар түрдүүлүктү толук сактап, келечектеги муундарга калтыруу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • ТРУДЫ ЗАПОВЕДНИКОВ КЫРГЫЗСТАНА Бишкек 2005