Кота-Бару
Көрүнүш
Кота-Бару – Малайзиянын түндүк-чыгышындагы порт шаар. Келантан штатынын административдик борбору. Малакка жарым аралында, Келантан дарыясынын чатында жайгашкан. Калкы 277,3 миң (2009); чоңдугу жана калкынын саны боюнча Малайзиядагы 2шаар. Тактай тилүүчү өнөр-жай иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9