Котон
Көрүнүш
Котон — топоним. «Манас» эпос боюнча кыргыздар жана ага жамаатташ элдер жашаган шаар. Көкөтөйдүн керээзинде:
Койнотто шаар Котондон,
Козголоң салып ошо элден
Кыдырып жүрүп айтпасын,
Кытай орус калыкка (Сагымбай Орозбаков, 3. 14),— деп эскерилет.
Географиялык реалияда Кытайдын батышындагы дарыя, оазис, шаар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN 5-89750-013-4