Котур

Википедия дан
Котур кенеси

Котур— котур кенеси пайда кылган теринин жугуштуу оорусу. Оорулуу кишиден анын кийимин, сүлгүсүн, жуунгучун жана башка пайдаланганда жугат.

Котурдун берилиши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Котур кенеси кишинин терисинде мителик жерге 50дөй жумурткасын таштайт, алардан 4—8 күндөн кийин личинка өөрчүп, бир нече жумада жетилет.

Эркектери котур жолун жасабайт, алар ургаачысын уруктандыргандан кийин өлүп калат. Оору кене киргенден 7—10 күн өткөндөн кийин башталат. Котур кенеси теринин жука жерине: салаанын арасына, кол-буттун бүгүлгөн жука жерине, ич, сан жана көкүрөктүн эки капталынын терисине кирип, мителик кылат. Теринин бул жеринде ыйлаактанган кызгылт бүдүрлөр пайда болуп, алардын арасында ичке, боз, ири, узундугу бир нече мм болгон котур жолу көрүнүп турат. Түн ичинде абдан кычышат. Оорулуу тырмана бергендиктен тери айрылып, теринин ириңдүү жарасы пайда болот. Теринин бир жери кычыша баштаса тезинен догдурга кайрылуу зарыл.

Котурдун жолу лупа менен көргөндө

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорулуу догдур сунуш кылган котурга каршы дарылоону толук жүргүзүп, өзүнчө сүлгү, төшөнчү пайдаланып жана бөлөк бөлмөдө укташы керек. Оорулуу жакшы болуп айыккандан кийин самындап жуунуп, кийимди жана шейшепти алмаштырып, алар кайнатылат же лизолдун же нафтализолдун 10%түү эритмесинде бир саатка жакын чыланып коюлат. Сырт кийимдер жана төшөнчү дезкамерада тазаланат, эгерде андай шарт жок болсо үтүктөп, сыртка 5 күнчө, суук күндөрү 1 күнчө жайып коюш керек. Пайдаланып жаткан дары терини дүүлүктүрсө, дарыны сүйкөбөй догдурга кайрылган оң. Котур менен ооруган кишинин догдурга эрте кайрылышы, оорулуу менен чогуу болгон кишини, балдар коллективинде бирөө ооруп калса, калган балдарды текшерүү оорунун таралышын алдын алат. Алдын алууда өздүк гигиенаны сактоонун мааниси чоң. Балдар коллективиндеги (бала бакчасы, мектеп жана башка) ооруган бала жана ал жерде иштегендер толук айыкмайынча коллективге келбеши керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8