Мазмунга өтүү

Кочкор туз кени

Википедия дан

Кочкор туз кени, Чоң-Туз туз кени Нарын облусунун Кочкор районунда, Кочкор кыштагынан 24–30 км түштүк-батыш тарапта, Мыкан өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2100–2241 м бийиктикте. Жергиликтүү эл илгертен пайдаланган. 1955–56 жана 1981–83-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын миоценде пайда болгон алевролит, чопо, мергель, гравелит, гипс, таштуз чөгүндүлөрү түзөт. Туздуу катмардын калыңдыгы 300–350 м, узундугу 2–3 км, курамы б–ча глауберит, галит жана тенардиттен түзүлүп, линза сымал 17 кабатчадан турат. Алардын калыңдыгы 0,1 – 40 м, узундугу 30 мден 300 мге чейин. Глауберит нык, майда кристаллдуу, боз, агыш боз, жашыл боз түстүү, чополуу. Галит ак түстүү, майда кристаллдуу, тунук. Жалпысынан чопонун арасындагы туз 50–70%. Гемоген чөгүндүсүнөн пайда болгон. Запасы С1 категориясы боюнча 2185 миң т, С2– 1583 миң т. 1996-жылга запасы С1 категориясы боюнча 2182 миң т, С2– 1583 миң т. 1959-жылдан жер астынан казылып, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын чарбалары пайдаланат. Химиялык сырье катары пайдаланса да болот. Медицинада бронхиалдык астмасын дарылоого тузду казып алган жер алдындагы өткөөлдөр пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]