Кочкор шаар чалдыбары

Википедия дан

Кочкор шаар чалдыбары – 10–12-к-дагы караханийлер дооруна таандык шаар калдыгы.

Каракол суусунун сол жээгинде жайгашкан. Шаар Кочкор-Ата мазарынан 4 км алыстыкта жайгашып, туурасы 400 м, уз. 870 м өлчөмүндөгү тик бурчтук аянтты ээлеп жаткан. Кочкор шаар чалдыбарынан жөнөкөй чопо ж-а сырдалган карапа идиш-тердин Караханийлер дооруна таандык сыныктары табылган. Шаар калдыгынын түш.-батыш урандысын бойлой Кыркчоронун күмбөзү деп аталган 18-кылымга таандык эстеликтер орун алган. Соңку мезгилдеги изилдөөлөр Кочкор шаар чалдыбары 10–12-к-да өкүм сүргөн Кочңар-Башы ш-нын орду экендиги Абу Саид Гардизинин «Зайн ал-ахбар» ж-а Махмуд Кашгаринин «Диван лугат ат-түрк» эмгектериндеги маалыматтар б-ча ырасталды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2