Кочкор ("Манас" эпосу)

Википедия дан

Кочкор ("Манас" эпосу)«Манас» эпосунун кейипкери. Манастын аталаш иниси, «алты арамдын» бири. Манас өлгөндө бир туугандары менен кошо Каныкейге кордук көрсөтүшкөн. Абыке, Көбөш өлгөндөн кийин К. «Манастын өлгөнү кырк күн боло электе Каныкейдин эмчегин жара чапкансыңар. Эми баласын сүрөп өлтуруп баарыбызды өлтүрөт» — деп Манастын чоролорун көкүтөт да, Адыбай, Көлбай, Чыйбыт, К. төртөө кырк чорого кошулуп Коңурбайды көздөй качышат. Экинчи жолу качышканда кууп жеткен Семетей төртөөнү кырк чорого кошуп өлтүрүп, баарына күмбөз салдырат. Ошол жер ошондон Кочкор аталган деп айтылат эпосто (Саякбай Каралаев, 2. 249; «Семетей», 1. 276, 310, 319, 330, 336, 339).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4