Кочо

Википедия дан

Кочо – орто кылымга таандык шаар. Чыгыш Түркстандын Турпан өрөөнүндөгү Уйгур «ыдык кут» мамлекетинин (847–1369) борбору. «Худуд ал-Ааламдагы» маалыматтарда шаардын аталышы Чинанджеб деп берилет. Кочо шаарынын калкы манихей, бутпарас, христиан ж.б. диндерди тутушкан. Кочонун башкаруучусунун алдында 300–400гө чейин адамдар чогулуп, үндөрүн бийик чыгаруу менен Манинин тексттерин окуп турушкандыгы тарыхый булактарда эскерилет.

Кочодогу башкаруучунун толук титулу «арслан бильге тенгри илиг идикут» деп аталган. Сун элчиси Ван Яньде Кочо шаарын Уйгур өлкөсүндөгү өтө гүлдөгөн калаалардын бири экендигин баяндаган. 840-жылы кыргыздардын соккусунан кыйраган Уйгур кагандыгынын Чыгыш Теңир-Тоого көчүп келгенден кийинки тарыхы Кочо шаарынан башталган жана кыска мезгилдин аралыгында алар аталган аймакта өзүлөрүнүн күчтүү мамлекетин калыбына келтиришкен. Шаар Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкандыктан, коңшу өлкөлөр менен маданий, соода-сатык катнаштарды жүргүзүп турган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети
Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев, ж.б.