Кочука уулу Дуңкана

Википедия дан

Кочуке уулу Дуңкана (1886–1981). Тыныбек манасчыдан үлгү алып өскөн манасчылардын дагы бири, бугунун тынымсейит уруусунан чыккан, Кочуке уулу Дуңкана 1886-жылы Теңир-Тоонун Эчки-Башы айылында туулган. Негизинен “Семетейди” айткандыктан, семетейчи катары белгилүү. Андан “Манас” эпосунан “Манастын балалык чагы” жана “Чоң казат” эпизоддору гана жазылып алынган. Дуңкана Тыныбектен сырткары Касымбай, Дыйканбай, Чоюке сындуу манасчыларды да көп ээрчип, алардан да манасчылыктын сырларын өздөштүргөн. Дуңкана “Манасты” негизинен өзү жашаган өрөөндө гана айтып келген. Бирок айрым учурларда элдик чыгармачылык боюнча республикалык кароолорго катышып, алдыңкы орундарды ээлеген учурлары да болгон. Ал өзүнө замандаш манасчылар Карала уулу Саякбай, Чокмор уулу Мамбет, Шаабай Азизов менен да тааныштыгы болгон. Анын айтуусунда, Кыргыз мамлекеттик радиосунун “Алтын казнасына”, “Семетей” бөлүгүнөн үзүндү жазылып алынып, 1998-жылы “Манас” аттуу китеби жарык көргөн. Дуңкана, манасчылардын Ысык-Көл мектеби менен Нарын (Теңир-Тоо) мектебинин артыкчылыктарын өз боюнда жуурулуштурган мыкты семетейчилердин бири. Бардык манасчылар сыяктуу эле, албетте, ал да эпосту аян түштөн соң гана айта баштаган. Өзүнүн айтуусунда, жети жашар кезинде түшүнө Семетей, Күлчоро, Канчоролор кирип, Улуу эпосту айтып жүрүшүн табыштайт. Үч жылга чейин түшкө баш ийбей, айтууга дитин койбой жүрөт. Качан гана Семетей кайра түшкө кирип, найза менен сайып кеткенден кийин гана эпос айтуусун баштаган. Кийинчерээк Манас менен Алмамбет да түшүнө кирип, алар да өз жоруктарын айтып жүрүүсүн табышташат. Ошондон өмүрүнүн аягына чейин Баатырларды калайыкка жар салып өткөн Кочуке уулу Дуңкана 1981-жылы өз айылында дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз элинин манасчылары:Маалымдама китеп. – 1-чыг., Түз.: Т.Бакчиев, Р.Исаков. – Б.: Кыргызпатент, 2010 – 96 б