Кошаяк

Википедия дан
Кошаяк.

Кошаяк (Allactaga saltator, Eversmann (1848)):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Урал тегериндеги чөлдөрдөн тартып түштүк Байкал сырты, Монголия, Түндүк Кытайга чейин. Алтайда Чүй талааларда, Казакстандын көп жерлеринде таралган. Кыргызстанда кош аяктын эки түрчөсү, A. s. altorum Ognev Ысыккөл ойдуңунда жана A. s. dementiewi Кочкор өрөөнүндө жашайт, б.а. экинчи түрчөсү Атбашыда, Арпада жана Аксайда жашайт. Бул кош аяктар бир - биринен обочолонгон.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаныбарлар өлөң чөптүү, кээбирде шагылдуу участкаларды, же салыштырмалуу айыштуу түзөң, же чополуу айдоо жерлерди тандап алат. Негизинен булар чөлдөр же жарым чөлдөр; бийик тоолуу түрчө деңиз денгээлинен 3500 м бийиктикте талаалуу биотопторду да ээлеши мүмкүн, бирок баары бир көбүнчө чөлдүү ландшафттарга жакын келишет. Ушул түрчө ортонку тоонун чегинен ылдый карай түшпөйт, ошол эле Чүй өрөөнүндө да.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адабияттарда көрсөтүлгөндөй ушул түрчөлөрдүн саны боюнча анча көп эмес сандагы материалдар айкындап турат. Мисалы, Атбашы өрөөнүндө капкан менен кармаганда анын түшүшү 15,7%ти, ал эми Кочкор өрөөнүндө-28%ти түзгөн.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кош аяктар жашаган жерлеринде жашоо тиричилигин түнкүсүн өткөрөт. Кышында чээнге киришет. Бийик тоолуу Аксайда алар чээнге сентябрда киришип, андан жазында апрелдин башында чыгышат. Климаты өтө деле катаал болбогон анчалык бийик эмес Ысыккөлдө сезондук активдүүлүгү бир кыйла жогору болот. Кош аяктар негизинен өсүмдүктөр- жалбырактар, уруктар, тамырлар, мөмө тамырларды жешет. Азыгынын курамына анча-мынча курт- кумурскалар да болушу мүмкүн. Кош аяктардын көбөйүүсү май-июнга созулат. Түйүлдүгүнүн саны 2ден 6га чейин, орточо 4кө жакын болот. Чөндөлөйлөрү июнда чыгышат.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ортонку, бийик тоолордун климаттык шарттары жана жырткычтар.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул кемирүүчү чарбачылык жагынан кызыксыз болгондуктан, аны багып жана көбөйтүүнүн эч зарылчылыгы жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Буларды коргоо чаралары жок.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ушул түрчөлөрдүн жашаган жерлерин сактоо.

Кемирүүчүлөр сымалдар – Rodentia – Грызуны

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Near Threatened, NT: R.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]