Кошожаш

Википедия дан

Кожожаш - кыргыз элинин кенже эпосторунун бири. "Эр Төштүк" менен катар эң байыркы архаикалык эпостордун катарына кирет. Буларда байыркы белгилер — адамдардын мифологиялык түшүнүктөрү катмар-катмар болуп сакталып калган.

Кожожаш жөнүндөгү баян доордун алгачкы баскычындагы элдин коллективдүү жашоо тиричилигинин көркөм баяны катары кабыл алынган. Жашоо үчүн табияттын ар түрдүү ситуациялык кубулуштарынан кутулуу жана жашоо тиричилигин улантууда, табигый күчтөр менен күрөшүүнүн жолун издөөдө, адамдарды бирдиктүү күрөш жүргүзүүгө түрткү берген.


«Кожожаш» дастаны өзүнүн сюжеттик композициялык куруму менен алгачкы коомдо жашоо тиричилигин өткөргөн бир урук элдин турмушуна арналган. Ошол уруунун жашоо тиричилигин сүрөттөөдө мифтик атрибуттардан болгон, адам баласынын көз карашында негизги орунду ээлеген ошол доордогу тотемдик жана анимисттик түшүнүктөр кеңири орун алган.

«Кожожаштын» Алымкул Үсөнбаев,Сулайман Конокбаев жана Төлөмүш Жээнтаев айткан варианттары бар. Албетте, акындык чеберчиликтин эң бийик чокусуна жеткен Алымкул Үсөнбаевдин айтуусундагы «Кожожаш» сюжет куруму, мотивдердин берилиши, композициялык түзүлүшү жана мазмуну боюнча алганда толук кандуу көлөмдүү эпос.

Каюм Мифтаков 1923-жылы «Кожожаш» дастанын Сулайман Конокбаевден Таластын Кеңкол болушунда жүрүп араб арибинде жазып алган жана кагазга түшүрүлгөн алгачкы үлгүсү.

«Кожожаштын» дагы бир вариантын Ысык-Көлдүк ырчы Төлөмүш Жээнтаевден филология илимдеринин кандидаты 3. Ч. Мамытбеков 1949-жылы жазып алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кожожаш: Эпос/Баш сөзүн жаз. Ч. Айтматов, А. Акматалиевдин жалпы редакциясы менен түз. К. Кырбашев, сүрөтчүсү Р. Исаков Кырг. улут. И. А. ж.б. -Б., 1996, ISBN 5-7499-0038-Х