Кошун
Кошун — «Манас» эпосто куралдуу жоокерлердин түрлөрүнүн бирикмесинен турган согуштук күчтү туюндурат. К-га синоним мааниде аскер, кол, черүү деген терминдер кеңири колдонулат. «Манас» эпосунун уюкту өзөк окуяларына караганда эл сүрөттөгөн тарыхый шарт тапсыз уруу түзүлүшүнүн эң жогорку баскычы — аскердик демократия учурун чагылдырат. Анткени, эпосто баяндалган кыргыздар уруу-уруу болуп жашашат. Ал уруулар согуштук уруу союзу аркылуу бир эл мүнөзүнө бириктирилген. Уруу мүчөлөрү тен укукташ, тең ата, алар тууган катары бири-бирине жардамдаш болууга милдеттүү. Мамлекет жана атайын башкаруу аппараты жок, туруктуу армия да жок. Элди, жерди ыйык деп түшүнүү, эл менен бирге болуу, өз жерин сырткы душмандардан коргоо эпостогу жеке каармандарга гана таандык эмес, жалпы мүнөздүү көрүнүш. Элдик ошол салтка ылайык Манас баатыр жалпы кыргыз урууларынын башчысы эсептелип, атайын кан шайланат. Анын карамагына түздөн-түз кырк чоро гана таандык. Ал эми колуна курал алууга жарактуу жоокерлер Манаска аскердик демократиянын негизинде гана мамилелеш болот. Алар адегенде өз уруу-башчы-кандарына баш ийип, ошолор аркылуу Манасты колдойт. Анткени, жоокерчилик доордун аскер тартиби зордукка же опузага таянбайт, ал ар бир аскер өзүнүн Ата мекенин коргоону, жоокердик ыйык милдетим деп эсептегенине таянат. Жоокерлик зарылдык болуп калган учурда Манас, анын кырк чоросу, тең ата уруу кандары жана тилектеш, талапташ казак, өзбек жана башкалар элдин өкүлдөрү өз К-дарын дароо чогултуп даяр болушат. «Манастын» мазмунун адилеттүү күрөш жана жеңиш идеясы түзгөндүктөн, анда кичине жана чоң масштабдагы согуш эпизоддору негизги орунду ээлейт. Айрыкча эпостун биринчи бөлүгүндө эң көп К. катышкан согуш аракеттери арбын. Мына ушул согуштарда эки тараптын тең жоокерлери өзүлөрүнүн чеберчилигине жараша онго, жүзгө, миңге бөлүнгөн согуштук стратегия менен тактиканын поэтикалык чагылышын көрөбүз. Чоң казатка аттанган кыргыз К-нун «Найзасы албарс учтуусу, Кылычы кыйла курчтуусу, Калканы болот дөөлөрү, Ат көтөргүс жөөлөрү» (Сагымбай Орозбаков, 4. 294) болуп өзүнчө бөлүктөргө бөлүнгөндөй эле сырткы душмандар да согуш өнөрүн мыкты билген жоо куралдарын атууга, саюуга, чабууга өтө чебер келишет. "Манас" эпосунда душман К-унун жалпы көрүнүшү:
Кылычы кыйла учтуусу,
Найзага артык курчтуусу,
Чалма уруучу балбаны,
Эчен түрлүү жаалары,
Кумурскадай калктары,
Түрдүү-түрдүү алптары.
Темир аркан торчону
Каптап уруш салды эми (Саякбай Каралаев, 1. 89),— деп баяндалат.
Поэтикалык бул саптардан көрүнүп тургандай кылыччандардын, найзакерлердин, чалма чалуучулардын, темир торчондор өз-өзүнчө өнөрүнө, аткаруучу милдетине карай оңго, жүзгө, миңге бөлүштүрүп, бир кишини он кишиге, башка бирөөнү миң кишиге башчы кылып дайындалышы тарыхый фактылар менен бирдей дал келет. Адатта согушту баштоочулар катарында манасчылар адегенде элдик баатырлардын каршысында турган жоо колун сүрөттөөдөн баштайт. Биринчи иретте душмандардын жер жайнаган К-ун баян кылат. Бул учурда көбүнчө сан жагынан душмандардын артыкчылыгы эскерилет. Бирок туура иш үчүн күрөшкөн кыргыздардын ар бир жоокер азаматы — баатыр, бири көпкө татыйт. Жалпы мүнөздөгү уруштун бир көрүнүшү сүрөттөлгөн учурда да:
Асаба желек жалпылдап,
Карап турсаң ушуну,
Кара кыргыз кошууну
Каптап кирип калганы
Жашы менен карганы
Жалпысы бура тартпастан
Жалпы кирип калганы (Сагымбай Орозбаков, 4. 338) көз алдыга тартылат. «Тууну тууга урдуруп, айгай кулак тундуруп», салгылашуу жүрөт. Мындай көрүнүш Сагымбай Орозбаковдо басымдуу ошондой эле баяндалып жаткан ар бир кичине же чоң согуш окуялары жалпы салтка ылайык чыныгы эпикалык масштабда чечилет. "Манас" эпосунда сырткы душмандарга каршы күрөшүүдө жеке гана кыргыз урууларынын биримдиги эмес, адилеттик, эркиндик үчүн баш кошкон тектеш түрк элдеринин жардам берүүчү күчүнүн таасири зор. Ошентип, «Манаста» чагылдырылган кыргыздардын өз эркиндиги, көз каранды болбостугу үчүн жүргүзгөн күрөштүн ар бир этабында аларга казактар баш болгон түрк тилинде сүйлөгөн элдер (каракалпак, өзбек жана башкалар) жардамга келип, союздаштар катары бирге аракеттенишет. Мындай согуштарда К-дардын урааны, жалпы максаты бир болуп күрөшүүнүн натыйжасында гана душмандын үстүнөн жеңишти камсыз кылып турушкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4