Коңур-Өлөң (көл)
Көрүнүш
Коңур-Өлөң (көл), Айдың-Көл – Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы көл, Коңур-Өлөң – Ала-Баш өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүнөн орун алган. Деңиз деңгээлинен 1906 м бийикте жатат. Айланасындагы саздын кеңейишинен соолуп баратат. Аянты 0,7 км2, узундугу 2,4 км, туурасы 600–700 м. Тереңдиги 1 мге чейин. Көлгө чакан суу куюп, андан агып чыккан өзөн Ак-Терек суусуна оң тараптан куят. Балык бар. Көлдө чиринди заттардын көбөйүп баратышы (айрыкча сапропель) анын чанагынын ыкчам кичирейишине шарт түзүүдө.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9