Кракатау

Википедия дан
Кракатау (2008).

Кракатау (Krakatau) – Индонезиядагы арал жана аракеттеги жанар тоо. Ява жана Суматра аралынан бөлүп турган Зонд кысыгында жайгашкан. Аянты 10,5 км2. Бийиктиги 813 м. Жанар тоо 1883-ж. өтө катуу атылып, андан 19 км3 жанар тоо күлү ж. б. материалдар бүркүлүп чыгып, 800 миң км2ден ашык аянтты каптап калган. Натыйжада күл абада топтолуп, бир нече жыл бою 80 км бийикке чейин кечке жуук жана таңга маал асман ачык болуп, жаркыроо кайталанып турган. Жанар тоонун атылуусунан бийиктиги 20 мге жеткен деңиз толкуну жанаша жаткан аралдарды каптап, 36 миңге жакын адам жок болгон. Акыркы жолу 2008-ж. атылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Volcano-stub Калып:ID-geo-stub