Крепостной укук

Википедия дан

Крепостной укук – феодалдык мамлекеттин феодализм тушундагы дыйкандардын көз карандылыгын толук жана аёосуз бекемдөөчү укук нормаларынын жыйындысы. Ал дыйкандарды бөлүп берилген жерлеринен кетишине тыюу салып, аларды тиешелүү феодалдардын бийлигине укум-тукумуна чейин баш ийдирген. Крепостной укук мамлекетти борборлоштуруп башкаруу шартында феодалдын айыл-чарба азык-түлүктөрүн сатуу үчүн өндүрүүгө багытталган чарбасы менен барщинаны кеңейтүүнүн негизинде келип чыккан. Дыйкан барщинникти жерге бекитүү, анын качып кетишине жол бербөө максатын көздөгөн. Крепостной укук Батыш Европада 16–18-кылымдарда, Борбордук жана Чыгыш Европада 18–19-кылымдарда реформалардын натыйжасында жоюлган. Россияда Крепостной укук 11-кылымда пайда болгон. Дыйкандар жер ээлерине мөөнөтсүз бекитилип, качкандарын 5–10 жыл ичинде таап, кожоюндарына кайтаруу жөнүндө мыйзам колдонулган. Алар мүлк күтүү укугунан ажыратылып, базарда мал катары сатылган. Жер ээлерине баш ийбеген дыйкандарды уруп-сабоого жол берилип, Сибирге сүргүнгө айдоо, түрмөгө камоо тууралуу мыйзам чыгарылган. Помещиктер өздөрүнүн дыйкандарынын үстүнөн административдик жана сот бийлигинен тышкары мамлекет салган салыкты чогултушкан. Помещик менен дыйкандардын өз ара мамилеси мыйзам аркылуу чектелбегендиктен, көпчүлүк учурда дыйкандар помещиктердин зордук-зомбулугуна дуушар болуп, акырында Крепостной укук кулчулуктун бир түрүнө айлана баштаган. Капиталисттик мамилелердин өнүгүшүнө байланыштуу Россиядагы феодалдык-крепостнойлук системанын кризиси күчөй берген. 18-кылымда Крепостной укук өлкөнүн өндүргүч күчтөрүнүн өнүгүшүнө бөгөт болуп, маданий жана социалдык прогресске тоскоолдук кылган. Ошондуктан крепостной дыйкандарды сатууга ж. б. тыюу салынган мыйзамдар чыгарылган. Дыйкандар кыймылынын күчөшүнөн улам, 1861-ж. 19-февралда орус падышасы Александр II дыйкандарды эркиндикке чыгаруу боюнча манифестке кол койгон. Бирок, Крепостной укуктун калдыктары ондогон жылдарды кучагына камтыган. Крепостной укуктун жоюлушу менен Россия капиталисттик өнүгүүнүн жолуна түшкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]