Кривой Рог

Википедия дан

Кривой Рог (укр. Кривий Ріг) – Украинанын борбордук бөлүгүндөгү шаар (1919-жылдан). Ингулец дарыясынын жогору жагында, Днепропетровск облусунда жайгашкан . Калкы 675,3 миң (2009). Темир жол тоому. Аэропорту бар. Кривой Рог темирлүү кен таш бассейнинин борбору. Тоо-байытуу (Түштүк, Жаңы Кривой Рог, Борбордук, Түндүк, Ингулец) металлургия комбинаттары, кокс-химиялык заводу, машина куруу (тоо-кен жабдуулары), жеңил, тамак-аш, курулуш материалдар өнөр-жай ишканалары иштейт. Университеттер, институттар, китепканалар, театр, тарыхый-край таануу музейи, цирк бар. 1775-ж. негизделген. Ботаникалык бак уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]