Кристаллдарды өстүрүү

Википедия дан

Кристаллдарды өстүрүү - суюк жана газ абалындагы заттардын температурасын анча-мынча төмөндөтүү аркылуу жасалма кристаллдарды алуу методдору.

Кристаллдар суюк абалдан, б. а. эритмеден же көлкүлдөк эритиндиден өстүрүлөт. Газ же катуу абалдагы заттардын фазалык өтүштөрүнөн да кристалл алынышы мүмкүн. Кристаллды эритмелерден өстүрүү - алгачкы жана кеңири тараган метод. Эритмеден Кристаллдарды өстүрүүнүн эки жолу бар: биринчиси - каныккан эритменин температурасын туруктуу карман, эриткичтин көлөмүн жай буулантуу; экинчиси - каныккан эритмени жай муздатуу. Бул эки учурда каныккан эритме өтө каныккан эритмеге айланат да, эритилген зат кристалл түрүндө пайда боло баштайт. Эритме, аралаштырылып же кристалл өзү эритменин ичинде айланып турганда кристаллдын өсүш ылдамдыгы көбөйөт. Кристалл өстүрүлүүчү установка термостаттан жана анын ичине коюлган кристаллизатордон, б. а. ичинде эритмеси жана учуна уютку (кичине кристалл) бекитилген аралаштыргычы бар идиштен турат.

Аралаштыргыч эритмени аралаштырган кезде анын учундагы монокристалл түрүндөгү уютку даты кыймылга келет. Бул учурда кристаллдын ар бир граны өз ылдамдыгы менен өсөт. Кристаллдарды эритмеден өстүрүүнүн башка методдорго Караганда артыкчылыгы - кристаллдын табигый формада алынышы. Өсүү температурада көлкүлдөк эритиндиден кристалл өстүрүү үчүн колдонгон аппаратура ысыткыч мештен, анын ичине жайгаштырылган эрүүчү зат (шихта) менен толтурулган платина тигелден жана суу жүргүч түтүктүү муздаткычтан турат. Муздаткыч менен жабдылган кристалл карматкычтын төмөнкү учуна монокристаллдан даярдалган уютку бекитилет. Уютку тигелдин ичиндеги көлкүлдөп эриген заттын бетине акырындык менен түшүрүлүп тийишкенде кристаллдын өсүү процесси башталат. Бул учурда уюткунун температурасы заттын эрүү температурасынан төмөн кармалып турууга тийиш. Ошентип өсүп жаткан кристалл аркылуу көлкүлдөк эритиндиден шылуулук бөлүнүп чыгат да, анын температурасы төмөндөйт. Натыйжада кристаллдын өсүшү улантыла берет. Бул ыкманы С. Киропулос сунуш (1925) кылган. Көлкүлдөк эритиндиден Кристаллдарды өстүрүүнүн артыкчылыгы - кристаллдардын тез өстүрүлүп алынышы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.