Крит-микен маданияты

Википедия дан

Крит-микен маданияты – б. з. ч. 3–2-миң жылдыктарда Критте, Эгей архипелагында жана материктик Грекияда жашаган уруулардын маданиятынын шарттуу аталышы. Криттин б. з. ч. 3 – 2миң жылдыктагы тарыхын 20-кылымдын башында англиялык археолог Эванс алгачкы миной (3000–2200), ортонку миной (2200–1600) жана соңку миной (1600–1200) деп, 3 мезгилге бөлүүнү сунуш кылган. Алгачкы миной маданиятына энеолитке өтүү, жез куралды пайдалануу (болжол менен 2600-жылдан), турак жайдын пайда болушу, мал чарбасынын таралышы жана деңизде сүзүүнүн өнүгүшү мүнөздүү. Бул мезгилде уруулук түзүлүш бузула баштаган. Ортонку миной мезгилинде (2000-жылга жакын) айрым илимпоздордун пикирине караганда ассириялык Саргондун аскерлери Критти басып алышына каршы күрөштүн натыйжасында борбору Кносс болгон Крит мамлекети түзүлгөн. Зор жана кооз Кносс двореци анын күч-кубатын далилдейт. Бул убакта Критте пиктографиялык жазуу кеңири таралган. Соңку миной убагында б. з. ч. 1400-жылдагы күчтүү жер титирөөдөн Кносс двореци талкаланып, Эгей менен Жер Ортолук деңиздин чыгышында бийлик микендерге өткөн. Микен маданиятына дубалы көркөмдөлүп тургузулган падыша дворецтери мүнөздүү. Анын гүлдөгөн мезгили 16–13-кылымдарга таандык. Мында борборлошкон күчтүү бийлик өкүм сүргөндүгүн Пелопоннестин түрдүү аймагындагы, ал тургай Борбордук Грекияны Микен менен байланыштырган кыйма-чийме жолдор далилдейт. Б. з. ч. 13-кылымдын аягында Микен маданияты төмөндөй баштаган, курулуш токтоп, тышкы байланыш начарлаган. Ал Троя согушунун натыйжасы болушу ыктымал. Мындан тышкары б. з. ч. 12-кылымда Микенге басып кирген дорийлер дворецтерди талкалап, алгач пайда болгон кул ээлөөчүлүк Крит-Микен мамлекетин жок кылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]