Ксилема
Көрүнүш
Ксилема — өсүмдүктөрдүн негизги өткөргүч ткандарынын бири болуп саналат.
Түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ксилема жылчыктары сакталган жыгачтанган клеткалардан - трахеидалардан жана түктөр менен паренхима клеткаларынын биригүүсүнүн негизинде пайда болушат. Өсүмдүктөрдүн кээ бир түрлөрүндө ксилема жакшы өөрчүгөн эмес, ал эми ксилема ткандары жакшы өөрчүгөн өсүмдүктөр болуп - жабык уруктуулар саналышат. Ксилема клеткалары өткөргүч боочолого биригишет да, өсүмдүктү туурасынан кесип караганда шакекче свмал көрүнүшөт.
Негизги кызматы болуп - тамырдан сууну жана эриген туздарды өсүмдүктөрдүн жер үстүнкү бөлүгүнө чыгарып берет, башкача айтканда жогорку агым болуп саналат.
Адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Токой чарбачылыгы боюнча терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү
- Өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы - Ахматов К.А., Камчыбеков Н.
Ссылки
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Өсүмдүктөр ксилемасы Archived 2014-11-29 at the Wayback Machine — medbiol.ru
- Ийне жалбырактуулардын ксилемасынын туурасынан кесилиши — Виктор В., Сайт «Молекулярдуу Биология».