Кубакы ашуусу

Википедия дан
Кубакы ашуусу

Кубакы ашуусуКыргыз Ала-Тоосунун чыгышында. Орто-Токой, Байдамтал өрөөндөрүнүн чек арасынан орун алган. Кочкор жана Тоң райондорунун аймагында. Бийиктиги 2350 м. Ашуунун түндүк капталы жантайыңкы, түштүгү тигирээк. Девон, карбондун кумдук, конгломерат, сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Ашуу жыл бою ачык, Боом капчыгайынан Орто-Токой өрөөнүнө түшкөн автомобиль жолу (Бишкек- Кочкор төтө жолу) өтөт. Эл чарбасында мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]