Кубанычбек Бакиев

Википедия дан

Бакиев Кубанычбек - акын, жазуучу. Базар-Коргон районунун Каба кыштагында 1952-жылдын 25-февралында туулган.

1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин артыкчылык диплому менен, 1992-жылы Кыргыз-Болгар жогорку менеджмент мектебин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1977-жылдан тартып прокуратура органдарында райондук прокуратуранын тергөөчүсү, улук тергөөчүсү, райондун, облустун прокурору, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары болуп иштеген. «Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» даражасындагы мамлекеттик чинге ээ.

К.Бакиевдин чыгармачылыгы орто мектепте окуп жүргөн жана студенттик мезгилде башталып, акындын чыгармалары республикалык, облустук басма сөз беттеринде үзгүлтүксүз басылып келе жатат.

Улуу грек тамсилчиси, ойчулу жана философу Эзоптун ж.б. байыркы тамсилчилердин белгилүү тамсилдерин жазуучу Калкамбай Ашымбаев менен биргеликте «Абалкы асыл ойлор» деген ат менен кыргыз тилине которгон.

«Дарыялар жайыкта кошулушат» аттуу тарыхый романы эл аралык Ж.Мамытов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болуп, «2001-жылдын мыкты китеби» катары таанылган. «Манас-1000» юбилейлик медалынын ээси.

2002-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарыялар жайыкта кошулушат: Роман. 1-китеп – Б.: Бийиктик, 2001. – 248 б.

Дарыялар жайыкта кошулушат: Роман. 2-китеп – Б.: Бийиктик, 2002. – 400 б.

Элден алып элге: Роман (Искендер Зулкарнайдын керээзи), тарыхый аңгемелер, очерктер, легендалар, уламыштар, ырлар, кошоктор, жаңы табылгалар). 1-китеп. – Б.: Бийиктик, 2003. – 467 б. (авторлош).

Жаз эңсеген жан сезим: Ырлар жана поэмалар – Б.: Бийиктик, 2009. – 220 б.

Өлбөсттүк жөнүндө Сага: Ыр менен жазылган роман.

Кейптаундагы ак сүйүү: 1-китеп. – Б., 2009. – 319 б.

Өмүр-өлүм-өмүр: 2-китеп. – Б., 2009. – 480 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сага о бессмертии. Роман в стихах:

Любовь в Кейптауне: 1-книга – Б.: Бийиктик, 2009. – 319 с.

Жизнь-смерть-жизнь: 2-книга – Б.: Бийиктик, 2009. – 480 с.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абалкы асыл ойлор (Эзоп, Лафонтен ж.б.): Тамсилдер. – Б.: Бийиктик, – 216 б. (К.Ашымбаев менен бирге).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]