Кудайкулов Абжапар

Википедия дан

Кудайкулов Абжапар 1947-жылы 27-июнда Сузак районуна караштуу Кызыл-Кыя айылында туулган.


  • 1961-жылы Кызыл-Кыя мектебинен 8-классты, 1966-жылы Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын, 1976-жылы Ош Мамлекеттик институтунун математика факультетин аяктаган.
  • Эмгек жолун Токтогул районундагы “Ак-Жар” атындагы мектепте мугалим болуп иштеп баштаган.
  • 1967- 1970-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
  • 1971-жылдан А.С.Макаренко атындагы орто мектепте математика мугалими,
  • 1972-жылы М.Ф. Фрунзе атындагы орто мектепке тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп которулат.
  • 1983-1986-жылдары А.С.Макаренко атындагы орто мектепте тарбия иштери боюнча директордун орун басары,
  • 1987-1989-жылдары Октябрь кечкисин сырттан окуу мектебинин директору,
  • 1989-1990-жылдары Сузак райондук Элге билим берүү бөлүмүндө инспектор болуп эмгектенип 1991-жылы 30-декабрда капилет оорудан 44 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
  • Азыркы учурда, ал эмгектенген Р.Исманалиев атындагы орто мектепте, математика бөлмөсүнө ысымы коюлуп, ишкер балдары тарабынан, алдыңкы окуучуларга стипендия берилип келе жатат.
  • 3 уул 4 кыздын атасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3