Кудайлат

Википедия дан

Кудайлат - Басыз уруусунун курамындагы ири уруктар тобунун аталышы. Этностук аталыштын параллелдери тувалардан - «хоодаи», башкырлардан - «кудей» формаларында кездешет. Айрым тарыхый фактылар, лингвистикалык салыштыруулар, топонимикалык аталыштар кудайлаттардын байыркы энесайлык кыргыздардын курамында болгондугун тастыктайт. Тувалардын тарыхый фольклорунун айрым маалыматтары тува элинин курамына жуурулушкан (Тува Республикасы, Эрзин аймагы) кыргыз уруусун Эрзин аймагына Хоодай жана Үстүг аттуу бабалары көчүрүп келгенин баяндайт. Тувалардын курамындагы «кыргыз» уруусу (эскертүү: тувалардын ичинде өз алдынча «кыргыз» аттуу эки уруу бар). 820- 840-жж. Уйгур каганатын багындырган мезгилден эле аталган аймакты байырлап келишет. Кызыктуусу, бүгунку Хакас-Минусин ойдуңунда Худалат (Кудалат) аттуу топонимикалык аталыш сакталып калган. Л.П.Потапов В.В.Радловдун илимий негиздүү жыйынтыгын колдоп, курамына «хоодай» уруусу кирген эрзиндик тува- кыргыздарды 1663-жылы Алтын-хандар (монгол хандарынын династиясы) тарабынан Минусин ойдуңунан Түштүк Тувага көчүрулгөн энесайлык кыргыздардын түз тукумдары деген жыйынтыкка келет. Бул уруктар тобунун өкүлдөрү Сузак, Өзгөн, Тогузторо, Акталаа аймактарын мекендеп келишет. Негизги уруктары: ачабаш, тогой, дөөлөт, борчо, мурат, темир, чүйүт, сарыкалпак, сатыбалды уулу жана башкалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]