Кудымкар

Википедия дан
Кудымкар.

КудымкарКоми-Пермяк автономия округунун жана Кудымкар районунун администрациялык борбору. Россиядагы шаар. Иньва дарыясы Кува дарыясына куя бериште, Менделеев темир жол станциясынан 104 км аралыкта жайгашкан. Калкы 31,0 миң (2009). Жолдор тоому. Алгач 1579-жылдан эскерилет. 1938-жылдан шаар. Храмдар, жыгач үйлөр сакталган. Токой тилүү, металл иштетүү, тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканалары, ремонт-механика заводу иштейт. Институт, университеттин филиалдары, китепканалар, драма театр, край таануу музейи бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]