Кузьма Минин

Википедия дан

Кузьма Минин (т. ж. белгисиз — 1616-ж. о.) — 17-кылымдын башында поляк-швед интервенциясы убагында экинчи ополчениени уюштургандардын жанa жетектегендердин бири.

  • 1611-ж. 1-сентябрда земство стар чындыгына шайланып, элдик опол­чение үчүн каражат топтоого жана аны уюштуруу кыймылына жетекчилик кылган.
  • Мининдин кеңеши боюнча согушка князь Д. М. Пожарский жетекчилик кылган.
  • Минин 1612-ж. «Бүт жер кеңешине» («Совет всея земли») кирген.
  • 1612-ж. 22—24-августта Моск­ва үчүн салгылашта зор эрдик көрсөткөн.
  • 1613-ж. дума дворянини деген наам алып, Боярлар думасынын составына кирген.
  • Минин — орус элинин белгилүү улуттук баатыры.
  • Москвада Кызыл аянтта 1818-ж. Минин менн Пожарскийге эстелик тургузулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.