Куйручук (Кудайберген Өмүрзак уулу)

Википедия дан

Куйручук - Кудайберген Өмүрзак уулу (1866, Курманкожо – Кулжыгач (азыркы Жумгал району, Кызылтуу айылы) – 1940, Жумгал айылы) – куудул, ырчы. Энесинен эрте ажыраган. 14 жашынан байларга жалданып иштеп, турмуштун оордугун көп тарткан. Ошондуктан коомдогу жакшы менен жамандыкты, карама- каршылыктарды, келишпестиктерди эртерээк ажыратып, сергек кароого үйрөнгөн. Өз чөйрөсүндөгү бай- манап, молдо, бий-болуштардын терс кылык-жоруктарын эл алдында тартынбай ашкерелеген. Анын «Бейиштеги үн», «Арбак», «Айып кимде», «Жалаа», «Манасым барда кайда болсо коном» жана башка жоруктары эл арасына кеңири белгилүү. Куйручук куудул гана эмес, төкмө ырчы да болгон (мисалы, атактуу Найманбай ырчы м-н айтышы). Манастан жана башка дастандардан айткан. Кыргыздын оозеки чыгармаларын, улама сөздөрүн, санжырасын көп билген, кепке уста, ашкан чечен болгон. Куйручуктун куудул сөздөрү бизге толук жеткен эмес. Анын чукугандай таамай айтылган курч сөздөрү, күлкүлүү жоруктары эл арасында ылакап катары айтылат. К. Бектенов Куйручуктун мурасын чогултуп, ал жөнүндө китеп жазган. Куйручук чыйрак, карылуу дагы киши болгон. Анын эскерүүсүнө караганда 27 жашка чыкканга чейин 18 жолу балбан күрөшкө түшүптүр. Ал сынчы, келечекти көрө билген, айтканы айткандай келген адам болгон. Анын ысымы менен Жумгал районундагы айыл аталган. Кыргыз элинин ичинен чыккан акылы, тамашакөӣлүгү жана куудулдугу менен эл арасында аты калган инсан болгон.

Кудай сүйгөн Куйручук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бу кишинин өз ысымы – Кудайберген, атыккан аты-Куйручук! Куйручуктай төрт аягы тең жорго миң жылда да кайталанбайт! Оболу, Куйручук олуя жөнүндө учкай сөз... Жарыктык киши, өз замандаштарынын жарык дүйнөдөгү өмүр жолун дүрбүдөй таасын көргөн. Адамдардын тагдырын, жашоо-тиричилигинин алда кандай болорлугун алдын-ала таамай айта алган. Бул адамдын кереметтүү көзүнөн өткөндөр Куйручук айткандай өмүр сүрүшкөн. Ооба, Куйручуктун ой толкуну дайыма Көккө серпилип турган! Ал бала көрбөй зарлагандарга Кудайдан бала тилеген. Куйручуктун оозунан чыккан үмүткөр сөздү Жараткан орундаткан. Баласыздар бала кучакташкан. Куйручук ак бата арнап, алакан жайган соң, төрөбөгөн аялдар төрөгөн, иши кыйчалыштардын иши оңолгон. Ооба, олуянын оозунан оргуган сөзү адамдардын келечегин өзгөрткөн. Оңго же солго бурган. Албетте, ал көбүнчө, адамдарга жакшылык тартуулаган. Кудай сүйгөн Куйручуктун көзү ачыктыгы өзгөчө болгон. Ал күзгү ачкан эмес, карта жайган эмес, төлгө тарткан эмес. Медитацияга чыккан эмес... Куйручук төгөрөктү Кудайдын керемет көзү аркылуу көргөн! Ал адамдардын көкүрөгүндөгү сүйлөнбөгөн сөздү Кудайдын керемет кулагы аркылуу уккан! Олуя бей-бечараларга, кедей- кембагалдарга боор толгогон. Ал бай-манаптардан алым алып турган. Мал чогулткан. Эгин-тегин жыйнаган. Ошо табылгаларын жеке өзү басып алган эмес. Чор тамандарга, жетим-жесирлерге, оокаты кемчилдерге таратып берген. Ушу сыяктуу жүрөк жылыткан жосундары аркылуу Куйручук Кудайга кызмат өтөгөн. Куйручуктун жан жолдошу Бийназар уста айтчу экен: «Кукемдин жолу болсун! Байлардан аласасы бардай алым алат. Кишенетип бээ, тай алат, мөөрөтүп уй, торпок алат, он чакты кой-эчкини мааратып алдына салат. Кээде арпа-буудай, акча да өндүрөт. Бирок, алгандарын он кадам баспай эле элге таратат... Ушу адатын түшүнбөдүм!». Эми, Куйручук манасчы жөнүндө азын-оолак кеп... Күмүш ээк карыялардын айтымында, ал Улуу Манас ырын күпүлдөтүп ырдаган чоң манасчы!.. Айрыкча, Алмамбет менен Чубактын жол талашканын, Тайторунун чабылышын, Каныкейдин жомогун, Семетейдин Таласка биринчи келишин, Күлчоронун Үргөнчтү кечкенин, Айчүрөктүн ок аттаганын ж.б. окуяларды өзү жакшы көрүп, жанын төшөп айтчу экен. Ал манасчылыкты кесип тутунбаптыр. Эл аралап Манас айтпаптыр. Аш-тойлордо, жүрөгү каалаган учурларда же эл суранган чактарда гана толкуп-ташып Манас ырын айтыптыр. Менин колумда «Манасчылар» жөнүндөгү маалымдама турат (Манас таануу улут борбору, «Кыргызстан» басмасы, 1996-жыл). Кыргыз эл тарыхына айтамга баскан улуу манасчылардын сабында Куйручуктун да турушу бекер эмес. Куйручук өз таржымалына төмөнкү сөздөрдү жаздырыптыр: «Манасты он тогуз жашымдан үйрөндүм. Ушу убакка чейин айтып келе жатам. Акындыгым да бар». Эми, Куйручук акын жөнүндө учкай сөз... Ал жез таңдай, актаңдайлардан ашса ашкан, асты алардан кем ырдабаган чоң акын болуптур!.. Райымбектин ашында Токтогул, Эшмамбет, Курман, Карамырза, Коргол аттуу атактуу ырчыларга жалгыз өзү беттешип, бул жоргосу жолго төгүлгөн төкмөлөрдү жарга такап, сөз кудуретине баш ийдирет. Анын ак таңдайлыгы Найманбай, Калмырза, Ысакан ырчылар менен айтышып, аларды үстөм жеңгенде көрүнгөн. Береги алп акындар менен сөз жарыштыруу Куйручукту калайыкка зор акын иретинде тааныткан. Куйручук ырчылыкты да кесип тутунган эмес. Эл аралап ырдабаган. Ал эмне үчүндүр, манасчылык менен ырчылык жолду биротоло тандаган жок? Ушундай суроо туулат. Жооп: себеби, Куйручук өзүнүн олуялык артыкчылыгын жан табиятындагы бийиктиктердин баарынан жогору койгон. Бирок, Теңир керемети даарыган бу киши манасчылыгы менен ырчылыгын өмүр бою таштабай, кастарлап ала жүрүптүр. Куйручук чечен жөнүндө айтпасам болбостур... Ал улуу сөз отуна табынган киши! Сөз дулдулун таптаган киши! Өзүнө чейинки чечендерди жүрөгүнө сактаган киши! Улуу Тоголок Молдо атам Куйручук чечен жөнүндө минтип айтат: «Куйручук каражаак чечен эле... Ал кандай шартка кабылса да, башын төмөн салып багынбаган, куюлуштуруп сүйлөсө жаңылбаган, оттой жалындаган адам болгон. Сөзү кылычтай курч, тили тибирткелүү эле. Сөзүнүн, күчтүүлүгү жана сөз тапкычтыгы боюнча Куйручукка кыргыз элинде эч ким жеткен эмес!». Атайы Жумгалга арзып келип, Куйручуктун көзүн көрүп, сөзүн угуп, ак батасын алган атактуу Шаршен куудулдун жана минтип айтканы бар: «Өзү укмуштай ырчы экен,» көрөгөч сынчы экен. Бет алган тарабынан кайра тартпаган, бир да киши астынан кыя баспаган адам экен. Куйручук өтө сөзгө бай, чечен! Беттешкендер Куйручуктун сөзүнө куйкаланышкан экен эчен! Сыр билгилигине даба жок, жок нерсеге күйпөлөктөгөн санаа жок. Адамдын сырын көзүнөн билген, айтууга сөзү белен, кара жаак, көк жал киши экен!». Бул жарык дүйнөдө эриш-аркак болмоюн эр жаралбайт. Кыргыз журтунун калкагар тоодой кадырманы, эл даанасы Байзак баатыр Кудайберген аттуу «куйругу жок» жигиттен болочокто чоң адам чыгарын алдын-ала көргөн. Ашкан акылман, сөзгө балбан, чыгаан саясатчы Байзак баатыр Кудайбергенди Куйручук атка кондурган. Куйручук узун бойлуу, кере карыш жаактуу, сөөк-саактуу, жазы далы, жайык төш киши экен. Чоң балбан экен! Жигит чагында он жети жолу балбан күрөшкө түшүптүр. Он алты жолу жыгып, бир жолу жыгылыптыр. «Мен, жыгылып да байге алгам!» деп өзү күлүп калуучу экен.