Кукеев Адылбек
Көрүнүш
Кукеев Адылбек 1958-жылы 29-май Сузак районунундагы Октябрь кыштагында туулган.
- 1975- жылы У. Абдукаимов атындагы орто мектепти,
- 1981- жылы Кыргыз Мамлекеттик Дене тарбия институтун,
- 1989-жылы Ички Иштер академиясын бүтүргөн.
- Эмгек жолун 1975-1977-жылдары Фрунзе шаарында ПМКда жумушчу болуп иштеп баштаган.: 1981-84-жылдары Кыргыз ССРнин Мамлекеттик Спорт агенттигинде башкымашыктуруучу,
- 1984-85-жылдарыСузакрайондук спорт комитетинин төрагасы,
- 1985-86-жылдары Кыргыз ССРнин Спорт агенттигинде башкы машыктуруучу,
- 1986 жылдан 2008 жылга чейин Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлигинде инспектордук кызматтан баштап, башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси кызматтарында иштеген.
- 2008-10-жылдары КРнын Адилет Министрлигинде атайын дайындалган отряддын командири болуп иштеп, учурда КРнын Мамлекеттик Дене тарбия жана Спорт агенттигинде ага усулчу болуп эмгектенет.
- КРсында биринчи жолу волейбол боюнча Эл аралык даражадагы калыс наамынын ээси, КРнын эмгек синирген машыктыруучусу, КРнын билим берүү, дене тарбия жана спорт, ошондой эле ИИМдин отличниги.
- КРнын ИИМнин, Адилет министрлигинин, Билим беруу жана Илим министрлигинин, Омбудсмен Институтунун, ошондой эле КРнын Президенттин ардак грамоталары менен сыйланган.
- Милициянын полковниги.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3