Кукунор

Википедия дан
Кукунор.
Кукунор.

Кукунор (моңголчо хух — көгүлтүр, нор — көл), Цинхай — Наньшань тоолорунун чыгыш бөлүгүндө жайгашкан туздуу туюк көл; Кытайда. Аянты 4,2 миң км2дей, тереңдиги 38 мге чейин. Тоо аралык өрөөндө деңиз деңгээлинен 3200 м бийиктикте жайгашкан. Ноябрдан мартка чейин муз каптайт. Балыкка бай.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]