Кулак чуулдоо

Википедия дан

Кулак чуулдоо ( лат. tinnītus «шыңгыроо»). Дени соо киши ызы-чуу жок жерде деле кулак чуулдоону сезиши мүмкүн, бул ички кулакты кан менен жабдуучу майда кан тамырларда кандын жылышынын угулушу (физиологиялык кулак чуулдоо).

Ооруга байланыштуу кулак чуулдоого (патологиялык кулак чуулдоо) угузуучу нервге кандын бирдей эмес келиши же ички жана ортоңку кулактын оорусу, коргошун, мышьяк, сымап, алкоголь, никотин менен өнөкөт уулануу, гипертония оорулары, гипотония жана башка себеп болот. Кулак чуулдаганда начар угат, угуу начарлаган сайын кулак катуу чуулдайт. Бирок, дүлөй болуп калганда кулак чуулдоо басылып калат.

Психикалык козголуулардагы артерия басымынын өзгөрүшү, өтө чарчоо аны күчөтөт. Кээде кош бойлууларда, ошондой эле климакс мезгилинде да болот. Ал кулак жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын эң алгачкы белгилеринин бири болгондуктан кулак чуулдоо башталганда догдурга кайрылуу керек. Кош бойлуулар кулагы чуулдашын байкары менен аялдар консультациясына кайрылганы оң. Себеби бул артерия басымынын өзгөрүшүнүн жана талгактын алгачкы белгиси болуп эсептелет .

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8